Новости

1 млн сом Баткенге жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү эсепке которулду

By 19.09.2022 No Comments

«Кыргызалтын»ААКсы кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 1 миллион сом бөлдү. Каражат Баткенге жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү эсепке которулду.
Мындан тышкары, «Кыргызалтын» ААКнын жалпы жамааты бир күндүк эмгек акысын чогултушуп, аскер кызматкерлерине жана жергиликтүү калкка гуманитардык жардам беришет.
Ошондой эле Баткен областындагы биздин жарандарга материалдык колдоо көрсөтүү үчүн «Кыргызалтын» ААКтын биргелешкен ишканаларынан каражаттар берилет:
“Алтынкен” ЖЧК, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК, «Макмал Голд Компани» ЖЧК, «Авелум Партнер» ЖЧКсы.

“Кыргызалтын” ААКсынын жамааты курман болгон баатырлардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөт.

Биз өлкөбүздөгү кырдаалдын тез арада жөнгө салынышына жана турукташтырылышына үмүттөнөбүз.

ОАО “ Кыргызалтын” выделил 1 млн сомов в помощь пострадавшим на кыргызско-таджикской границе. Денежные средства перечислены на единый счет помощи Баткену.

Помимо этого, весь коллектив ОАО “ Кыргызалтын” собрали однодневную зароботную плату для оказания помощи военнослужащим и местному населению в Баткене в виде гуманитарной помощи.

Также для оказания материальной поддержки наших граждан в Баткенской области будут перечислены денежные средства со стороны совместных предприятий ОАО “Кыргызалтын”:
ОсОО “Алтынкен”, ОсОО “Эти Бакыр Терексай”, ОсОО “Макмал Голд Компани”, ОсОО “Авелум Партнер”.

Коллектив ОАО “Кыргызалтын” глубоко скорбит и выражает искренние соболезнования родным и близким погибших героев, разделяя боль и горечь невосполнимой утраты.

Leave a Reply