Новости

«Кыргызалтын» ААК депутаттык комиссияга көмөктөшөт

By 29.09.2022 No Comments

“Кыргызалтын” ААК Башкармалыгынын төрагасы Э.С.Калдарбеков “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын президенти Алмаз Барыктабасов жана “Кумтөр” ЖАК Башкармалыгынын мүчөсү Дмитрий Долматов менен жолугушуп, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКда жалпы алтын өндүрүлүшү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөндүгүн жана депутаттык комиссияга ар тараптан көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Аталган депутаттык комиссия тарабынан суралган бардык маалыматтар ачык –айкын, эч кандай тоскоолдуксуз берилиши керек. Ушуга байланыштуу, Э.С.Калдарбеков “Кыргызалтын” ААКнын кызматкерлерине депутаттык комиссиянын “Кумтөр” алтын кенине баруусун уюштуруу иштери, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын жалпы өндүрүшү боюнча маалыматтарды убагында тоскоолдуксуз берүүнү талап кылды.
«Кыргызалтын» ААК өз ишин ачык-айкын жүргүзүп жатканын жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАК Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан тартып ишмердүүлүгүн текшерүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Leave a Reply