Новости

«Кыргызалтын» ААКнын жаңы төрагасы Абдраимов Кубат Бейшенбекович шайланды

By 20.01.2023 No Comments

2023-жылдын 19-январында директорлор кеңешинин чечими менен «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Калдарбеков Элдияр Султановичдин берген арызына ылайык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык жоболоруна ылайык 2023-жылдын 19-январында Абдраимов Кубат Бейшенбекович «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
Абдраимов Кубатты «Кыргызалтын» ААКтын жамаатына ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Бакиров Сүйөркул Керимкулович тааныштырды.
Ошондой эле К.Б. Абдраимов «Кыргызалтын» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон жана Ош шаарынын экс-прокурору болуп эмгектенген.

Leave a Reply