«Кыргызалтын» ачык акционердик коому — 1992 жылдын 15-октябрында «Кыргызалтын» Мамлекеттик концерни катары Кыргыз Республикасынын Тоо кен тармагындагы ири ишканалардын башын бириктирүү жана ошол учурда иштеп жаткан өндүрүштү андан ары иштетүү жана алтын казып алуу боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашыруу максатында негизделген Кыргыз Республикасында алтын өндүрүүнү өздөштүрүү боюнча адистешкен ири өнөр жай болуп эсептелет. 1999 жылы 23-июлда ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана корпоративдик башкаруунун принциптерин киргизүү үчүн «Кыргызалтын» Мамлекеттик концерни «Кыргызалтын» ачык акционердик коому болуп кайрадан түзүлгөн. 1999 жылы 23-июлда Кыргыз Республикасынын № УП-175 -Жарлыгы менен ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ,башкаруунун түзүмүн жаңыртуу максатында «Кыргызалтын» Мамлекеттик концерни «Кыргызалтын» ачык акционердик коому болуп кайрадан түзүлгөн.

«Кыргызалтын» ачык акционердик коому   өзүнүн өнөктөштөрү жана биргелешкен долбоорлор менен бирдикте Кыргызстандын 97% ашык алтынын өндүрөт. Алтын өндүрүү 10% жакын республиканын ички дүң продукциясынын, 40% өнөр жай өндүрүштүк продукциясынын жана 60% экспортун түзөт. Кыргыз Республикасы алтын өндүрүү боюнча КМШ өлкөлөрдүн ичинен үчүнчү орунда турат. «Кыргызалтын» ААКнын негизги миссиясы – эң аз чыгым сарптоо менен кымбат баалуу металлдарды өндүрүүгө болгон күчүн жумшайт.

 

Стратегиялык максаты – төмөндөгүлөрдү камсыз кылуу менен, Коомго максималдуу пайда алуу:

— алтын казып алууну көбөйтүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун арттыруу;

— ишканалардын минералдык-чийки зат базасын кеңейтүү жана толуктоо, ошондой эле өнөр жай запастары менен камсыз кылуу;

— Алтын казып алуу өндүрүшүндө натыйжалуулуктун жогорку деңгээлде болушу;

— техникалык кайра жабдуулоого жана модернизациялоого инвестиция тартуунун эсебинен “Кыргызалтын” ААКнын ишканаларын туруктуу өнүктүрүү;

— өндүрүштүк калдыктардан алтынды ылгап алуу боюнча технологиясын киргизүү.

Мамлекеттин акциясы 100% түзөт, акциянын пакетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд ээлик кылат.

 

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк филиалдарына төмөндөгүлөр кирет:

  • “Макмалалтын” Комбинаты;
  • “Терек Сай кен иштетүү” филиалы;
  • “Солтон-Сары кен иштетүү” филиалы ;
  • “Аффинаждоо заводу” филиалы;

 

Өндүрүштүк эмес филиалдары:

  • “Автоунаа ишканасы” филиалы;
  • “Кыргыз деңизи» санаторийи” филиалы
  • “Кыргызалтын-Курулуш” ишканасы” филиалы;.

 

Түзүмдүк бөлүмдөрү :

  • “Кыргызалтын” ААКнун медициналык борбору;
  • Зергерчилик ишканасы жана зергер буюмдар дүкөнү;
  • “Кыргызалтын” ААКнун мейманканасы.

 

Мындан сырткары, “Кыргызалтын” ААК акционер болуп эсептелет жана төмөндөгү юридикалык жактарда үлүштүк катышка ээ:

— «Центерра Голд Инк» компаниясы — 32,96% акцияга ээ;

— «Алтынкен» жопкерчилиги чектелген коому — уставдык капиталдын көлөмүнүн 40% (уставдык капиталга болгон салым 4000 сомду түзөт). 2006-жылдын 5-апрелинде “Талды-Булак Сол жээк” кенин өздөштүрүү жана лицензия алган аянтка геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында уюшулган.

 

Алтынды тапшыруу тутуму менен байланышкан башкаруунун комплекстүү системасынын саясаты

 

“Кыргызалтын” ААК тапшыруу тутумунун ачык-айкындык саясаты Лондондогу Кымбат Баалуу Металлдар Ассоциациясынын (ResponsibleGoldGuidance), документтеринин талаптарына жана ошондой эле Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (Организация экономического сотрудничества и развития) Колдонмосунун II Тиркемесине ылайык келет.

“Кыргызалтын” ААК мамлекеттик органдар менен кен казып алууга, иштетүүгө, ташып жеткирүүгө, сатууга жана кымбат балуу металлдарды экспортко жөнөтүүгө лицензиясынын бар же жок экендигин табуу максатында абдан жандуу кызматташат.

“Кыргызалтын” ААК кымбат баалуу металлдарды идентификациялоо булактарына тиешелүү туруктуу саясатын жүргүзөт жана эгерде мыйзамсыз тоо кен иштери аркылуу казылып алынса, аларды сатып алуудан баш тартууга укугу бар.

“Кыргызалтын” ААК эгерде кымбат баалуу металлдар адам укугун бузуу, акча каражаттарынын изин жашыруу жана куралдуу чыр-чатак менен байланышкан болсо, анда кызматташуудан баш тартууга укугу бар.

 

“Кыргызалтын” ААК:

-өзүнүн ишмердигин таза жана ачык жүргүзөт;

— коррупцияга, алдамчылыкка жана акчанын изин жашырууга каршы;

— адеп-ахлактык, моралдык жана социалдык стандартты колдоого алат;

— бардык өнөктөштөрү, кызматкерлери жана кызыккан тараптар менен мамилени калыс, жоопкерчиликтүү, иштиктүү түзөт.

“Кыргызалтын” ААК комплекстүү башкаруу системасына “ өзүңдүн кардарыңды бил” (KnowYourCustomer) деген сөзгө негизделген саясатын киргизген, анткени “Кыргызалтын” ААК   мыйзамсыз казып алуу, иштетүү, ташып кетүү, соода кылуу жана кымбат баалуу металддарды коркунучтуу, чыр-чатактуу аймактарга экспорттоо менен байланышкан операциялар.

“Кыргызалтын” ААК аракеттенет:

Таш боордукка, адамдардын ар намысын тебелөөгө жол бербейт, жардам бербейт жана катышпайт;

мажбурлап иштетүүгө;

балдардын эмгегине;

адам укугун бузууга;

аскердик кылмышка жана тукум курут кылууга.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу кандайдыр бир олуттуу тартип бузуулар болсо тапшыруучулар менен мамиле түзбөйт жана токтоосуз түрдө тапшырууну токтотот.

Мамлекеттик эмес, мыйзамсыз куралданган топторго ажан аладын филиалдарына түз жана кыйыр түрдө аракеттенүүгө жол бербейт:

  • кен казылган жерди, транспорт жолдорун көзөмөлдөгөн, кымбат баалуу металлдар менен соода кылган же тапшыруунун тутумундагы кайсы гана болбосун факторлорго;
  • тоо кен жана башка тапшыруу тутумундагы объектерде опузалап салык салууга, акча же кымбат баалуу металл алууга;

түз жана кыйыр түрдө мамлекеттик эмес куралданган топторду операцияларда камсыз кылган кайсы бир уюмдар же тараптар менен байланышкан ишкер өнөктөштөр менен мамиле түзбөйт жана өз ара аракеттерди токтоосуз түрдө токтотот.

Түз жана кыйыр түрдө мыйзамсыз аракеттенген укук бузган (1 пункт ) же мыйзамсыз иш кылган (3 пункт) коопсуздук боюнча мамлекеттик же жеке менчик күчтөргө жол бербөөгө, анткени коопсуздуктун коомдук жеке менчик күчтөрү — бул тоо шахталарында же районго таандык аймактарда жана транспорттук жолдун боюнда мыйзамдык башкаруучулукту колдоо (адам укугун коргоо, жумушчулардын, имараттын жана жабдуулардын коопсуздугун камсыз кылуу).

 

Түз жана кыйыр түрдө тапшыруу тутумуна мыйзамсыз аракеттенген коопсуздук мамлекеттик жана жеке менчик күчтөр менен чогуу аракеттенүүгө жана катышууга токтоосуз тыюу салат, мамиле түзбөйт.

 

Кайсы бир тараптарга, мамлекеттик кызматкерлерге, кардарларга, иш аткаруучуларга же башка кайсы бир уюмдарга республиканын бюджетине төлөнүүчү кымбат баалуу металлдардын, салыктардын, жыйымдардын жана чегерүүлөрдүн, металлды ылгап алуу, иштетүү, ташып жеткирүү, соода кылуу жана кымбат баалуу металлдарды экспорттоону жаап жашырууну ачуу максатында пара алууга тоскоол болот жана опузалап пара алууга каршы турат.

 

Казып алуу, иштетүү, ташып жеткирүү, соода кылуу жана кымбат баалуу металлдарды экспорттоо менен байланышкан акчанын изин жашырууга жолбербейт жана терроризмге каршы күрөштү колдоого каржылоо үчүн чараларды көрөт.

 

Кандайдыр бир мыйзамсыз ишмердүүлүктүн алдын алуу максатында коркунучтарды таап чыгууга негизделген транзакциялык мониорингине натыйжалуу мамилени камсыз кылат.

 

Кымбат баалуу металдарды транзакциялоо боюнча бардык жазууларды дыкат текшерүү жана тийиштүү түрдө сактоо.

 

Бул саясатта өзүнүн кызматкерлерин окутуу максатында тренингдерди, семинарларды и конференцияларды өткөрөт.

 

 

Руководство LBMA по ответственному золоту – Краткий отчет оценки: План корректировки несоответствий. Для аудита третьего лица на основании ISO19011:2011

Отчет по Руководству ЛАРДМ по Ответственным Поставкам Золота

Отчет оценки соответствия Руководству LBMA по ответственному золоту