“Кумтөр” алтын кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Ак-Шыйрактын түндүк-батыш тарабында, Тянь-Шандын Кытай менен чектешкен тоо кыркасынын ички бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 3700 4500 метр бийиктикте жайгашкан. Кумтөр алтын кени дүйнөдөгү ири жана өзгөчө алтын чыккан жерлердин бири болуп саналат, акыркы маалыматтар боюнча ал жерде алтындын 731 тонна көрөңгөсү бар.

1989-жылы советтик геологдор тарабынан ачылган Кумтөр алтын кени түбөлүк тоңголок муздун шартында иштетүүнүн татаалдыгынан улам, коммерциялык жагынан ишке ашырылууга болбой турган кен деп эсептелген.

Бирок 1992-жылы Торонтодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин жана Канаданын “Cameco Corporation” корпорациясынын ортосундагы макулдашууга кол коюлган, анда “Cameco Corporationго” кенди иштетүүнүн эксклюзивдүү укугу берилген. Ушул макулдашууга ылайык, «Кумтор Голд Компани» ЖАКы компаниясы түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан “Кыргызалтын” Мамлекеттик концерни жана “Cameco Corporation” корпорациясынын туунду компаниясы болгон «Cameco Mounting Company» анын уюштуруучулары болуп калышкан, мында кыргыз тарап үчтөн эки үлүшкө жана канаданын «Cameco Mounting Company» тарап үчтөн бир үлүшкө ээ болгон.

Кумтөр кенин башкаруу «Кумтор Голд Компани» ЖАКынын атынан долбоордун оператору «Кумтор Оперейтинг Компани» тарабынан жүзөгө ашырылат, «Кумтор Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому «Cameco Corporation» корпорациясынын 100% туунду компаниясы болуп эсептелет. Долбоорду ишке ашыруучу тарабынан кенди иштетүүдө тоо кен жана металлургия боюнча жаңы технологиялар, өндүрүштү башкарууга заманбап ыкмалары жана айлана чөйрөнү коргоого, эмгек коопсуздугн камсыздоо боюнча эл аралык эң мыкты стандарттары киргизилип, учурда түбөлүк тоңголок муздун шартында дүйнөдөгү акыркы жетишкендиктерди жана тажрыйбаларды колдонууну ийгиликтүү ишке ашыруу менен Кумтөр кенин иштетүүдө.

 

Кумтөр руднигинде деңиз деңгээлинен 4016 бийиктикте жайгашкан алтынды чыгарып алуучу фабрика 1996-жылы ишке киргизилген. Курулушу аяктагандан төрт ай өткөндөн кийин фабрика долбоордук кубаттуулугунда иштей баштаган. Кумтөрдөгү алтындын алгачкы уютмасы 1996-жылдын 31-декабрында алынган.

1997-жылдан баштап кенди коммерциялык пайдалануу башталган, бир жыл ичинде алтынды казып алуу 15,6 тоннаны түзгөн, аны менен чогуу 1 тонна күмүш казылып алынган.

1992-жылдагы Макулдашууда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна “Кумтөр” кенин ишке киргизүүнүн алгачкы беш жылында салык алуудан бир кыйла жеңилдиктер берилген жана бул кийинки жылдары да күчүндө калтырылган.Алтындын баасынын төмөндөшү менен 1998- 2002 жылдары салык жана дивиденд түрүндөгү күтүлгөн акча каражаттары кыргыз тарапка түшпөй, өзүн актай алган эмес. Ушундай татаал абалдан улам инвестор менен жаңы сүйлөшүүлөрдү жана жаңы чечимдерди издөө зарылчылыгы келип чыккан.

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Cameco Corporation дун ортосунда Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо жөнүндөгү келишимге кол коюлуп, жыйынтыгында “Кумтөрдүн” активдери «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акцияларына алмаштырылып, “Cameco Corporation” корпорациясынын жана акционерлердин башка активдери менен чогуу Торонто шаарындагы эл аралык Фондулук биржага чыгарылган. Centerra Gold Inc Торонтодогу (Канада) Фондулук биржасында (Toronto Stock Exchange-TSX) CG деген символдун астында катталган (http://www.centerragold.com ), мунун өзү баалуу кагаздардын дүйнөлүк рыногунда анын акцияларынын өтүмдүүлүгүн жогорулатат. “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна 26,8% үлүштүк катыштыгы таандык.

Ушул Макулдашууга ылайык, кыргыз тарап өзүнүн акцияларынын бир бөлүгүн сатып, 80 млн. өлчөмүндө АКШ доллар алган,башкача айтканда, түшкөн акча каражаттарынын мурунку убактар үчүн салык түрүндө төлөнүп берилген. Мындан сырткары, компания үчүн тоо кен компаниялар үчүн (Текшерүү керек) жалпы кабыл алынган салык режими коюлган, ал эми “Кыргызалтын” ААК мамлекеттин атынан калган 15,6% «Центерра Голд Инк.» Компаниясынын акциясына ээ болуп калган.

Ошондой эле Centerra Gold Inc. Торонто шаарындагы (Toronto Stock Exchange -TSX) Фондулук биржада CG   символу менен акцияларды дүйнөлүк баалуу кагаздар базарында тез сатыла турган кылып койду.

Бүгүнкү күндө “Кумтөр” долбоору «Centerra Gold Inc.» компаниясынын эң негизги долбоору катары калууда.

2004 жылы алтындын баасынын бир кыйла жогорулашы жана “Кумтөр” долбоорунун кайтарымдуулугун жогорулатуу максатында 2007 жылы «Cameco Corporation» корпорациясы менен жаңыдан сүйлөшүү демилгеси көтөрүлүп, өзүнүн алтын казуу бизнесиндеги активдерин сатуу жана өзүнүн негизги ишмердүүлүгү болгон – уран чийки затын өндүрүүнү колго алуу оюн билдирген. Бул боюнча сүйлөшүүлөр 2009-жылы апрель айында аягына чыгып,2009 жылдын аягында «Cameco Corporation» корпорациясы өзүнүн акцияларын «Центерра Голд Инк.» Компаниясына саткан. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган жана мыйзам кабыл алынган “Кумтөр” долбоорунун Жаңы шарттары тууралуу кол коюлган Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча”Кыргызалтын” ААК «Центерра Голд Инк.» Компаниясынын кошумча 43 млн. акциясын алган жана анын 33% акциясына ээлик кылуу менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын бирден бир ири акционери болуп калды. Макулдашууда компания “Кумтөр” долбоору үчүн атайын салык тартиби аныкталып, ага ылайык,түшкөн кирешеден 13% өлчөмүндө бирдей салык төлөө жагы чечилген.Мындан сырткары, компания тарабынан түшкөн кирешеден 1% Ысык Көл облусунун Аймактык өнүктүрүү Фондуна төлөнөт.

“Кумтөр” кени ачык түрүндө иштетилет. Алтын ылгоочу фабрика жылына 5 6 млн. тонна руданы кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 14 жыл ичинде, тактап айтканда, 1997 жылдан 2010 жылга чейин “Кумтөр” кенинен «Кумтор Голд Компании» компаниясы тарабынан 242,6 тонна алтын жана 80 тонна күмүш өндүрүлгөн. “Кумтөр” кенинин жыл ичиндеги орточо өндүрүмдүүлүгү 19 тонна алтынды жана 6 тонна күмүштү түзөт. “Кумтөр” кенинде бардыгы болуп 2700 жумушчу иштейт жана анын 95% ашыгы Кыргыз Республикасынын жарандары.

Келечектеги пландарга ылайык, карьердик алтындын көрөңгөсүн казып алуу болжол менен 2021 жылы аягына чыгат. Учурда кен чыккан жердин борбордук участкаларынын терең катмарынан кендин көрөңгөлөрүн чалгындоо жана жер алдынан казып алуу үчүн курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Ошону менен катар эле “Кумтөр” кенинин башка келечектүү делген участкаларына жана ошондой эле “Кумтөр” кенинин келечектүү деп эсептелген геологиялык аянтчаларында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Кумтөр руднигинде өндүрүлгөн алтын жана күмүш «Кумтөр Оперейтинг Компании» менен «Кыргызалтын» ААКсынын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) ортосунда түзүлгөн алтынды жана күмүштү сатуу жөнүндө Келишимде каралгандай, аны Аффинаждоочу заводдо (“Кыргызалтын” ААКнун филиалы) кайра иштетүү жана андан ары сатуу үчүн “Кыргызалтын” ААКсы тарабынан сатылып алынат. Кумтөр долбоорунан Кыргыз Республикасынын бюджетине жылдык орточо түшүүлөр өлкөнүн ИДПсынын 10%ына жакынын түзөт.