“Кыргызалтын” ААКсынын медициналык борбору (мындан ары Медборбор) “Кыргызалтын” ААКсынын саламаттык сактоо пунктунун базасында, анын 15.01.2003-жылдагы №23 буйругу менен түзүлгөн, Медборбордун иши КР Саламаттык сактоо министрлигинин 05.02.2003-жылдагы №0215 лицензиясы менен аныкталган.

 

Медициналык борбор “Кыргызалтын” ААКсынын структуралык бөлүмү болуп эсептелет, “Кыргызалтын” ААКсынын Президенти тарабынан бекитилген штаттык тизими, ар бир финансылык жылга чыгашаларынын жана кирешелеринин сметасы, штампы, өзүнүн аталышы түшүрүлгөн бланктары бар.

Медициналык борбордун ишинин негизги максаты:

  • “Кыргызалтын” ААКсынын эмгектин зыяндуу жана жагымсыз шарттарында иштеген кызматкерлеринин ден соолугун сактоо;
  • ишке кирүүнүн алдында алдын ала, ошондой эле мезгилдүү профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүү;

башка медициналык мекемелерге кайрылууда кызматкерлердин таламдарын билдирүү;

  • жаңыдан аныкталган оорулууларды диспансерлештирүү;
  • “Кыргызалтын” ААКсынын филиалдарын фармацевттик компаниялардын баалары боюнча медикаменттер жана медициналык каражаттар менен камсыз кылуу;
  • алдын алуучу жана сантардык-агартуу иштерин жүргүзүү;
  • тышкаркы калкка акы төлөнүүчү негизде амбулаториялык жардам көрсөтүү болуп саналат.

 

Медициналык борбор жыл сайын “Кыргызалтын” ААКнун, анын ичинде “Макмалалтын” комбинатынын, “Терек Сай” кен иштетүүчү филиалдын, “Солтон Сары Рудниги” филиалынын, Коопсуздук жана күзөт кызматынын жумушчуларын, айдоочуларды жана башкаруу Аппаратындагы кызматкерлерди вахтага чыгардын алдында медициналык кароодон өткөрөт жана гараждын айдоочуларын күн сайын текшерүүдөн өткөрүп турат.

Медициналык борбордо көрсөтүлүүчү кызматтар:

-стоматологдордун кызматтары: терапевттик, хирургиялык жана ортопеддик дарылоо кызматтары,

-врачтардын кызматтары: терапевттин, гинекологдун, педиатрдын, офтальмологдун, кардиологдун кызматтары,

-дартты аныктоочу кызматтар: ички органдардын УЗИси, электрокардиограмма жасалат,

-стоматологияда рентгенологиялык изилдөө, гинекологияда кольпоскопия жүргүзүлөт,

-дарылоо жол-жоболору: физиотерапия, лазеротерапия, инъекциялар, массаж жасалат.

“Кыргызалтын” ААКсынын кызматкерлерин мезгил-мезгили менен профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү үчүн эмгек келишими менен: невропаталог, ЛОР, эндокринолог, уролог, лаборанттар, хирург, дерматолог сыяктуу ж.б. адистер чакырылат.

Медициналык борбордун жабдылышынын деңгээли заманбап квалификациялуу медициналык жардамды жетиштүү комфортабелдүү шарттарда көрсөтүү үчүн жетиштүү болуп саналат.

Медициналык борбордо төмөндөгү жабдуулар бар:

  • Электрокардиограф «SCN Cardiovit», Швейцария, 2004 –жылдан тартып.
  • Портативдүү стоматологиялык аппарат SDS, США, 2000-жылдан тартып.
  • Хирадент стоматологиялык аппараты, «Дипломат» классы, Чехия, 2003-жылдан тартып.
  • Стоматологиялык жабдуу «УС-30», 2004-жылы толугу менен кайра жабдылган.
  • Стоматологиядагы рентгенологиялык жабдуу, Италия, 2004-жылдан тартып.
  • Портативдүү аппарат УЗИ «Fucuda», Япония, 1998 –жылдан тартып.
  • Физиотерапевттик аппаратура: «Поток» аппараты «БОП-4», «Амплипульс», «УВЧ», «Соллюкс» лампасы.
  • Электроотсос
  • Гинекологиядагы Кольпоскоп,
  • Лазердик аппарат «Милта»,

2008-жылы заманбап УЗИ «Мedison Sonо Ace 8000 E» аппараты сатылып алынган, анын үч бергичи (сызыктуу, конвекстүү, жатындык) жана Доплери бар, эмчек, тамак бездерин, жумурткалыктарды, лимфотүйүндөрдү ж.б изилдөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Түштүк Корея.

 

МЕДИЦИНАЛЫК КЫЗМАТТАРДЫН КЫСКАЧА ПРЕЙСКУРАНТЫ

КЫЗМАТТЫН АТАЛЫШЫ ЖАНА НАРКЫ (сом менен)

  1. КОНСУЛЬТАЦИЯ:

-кардиолог — 150

-педиатр — 100

-терапевт — 150

-окулист — 120

  1. ЭЛЕКТРОКАРДИОГРАФИЯ — 100
  2. УЛЬРАҮН ИЗИЛДӨӨ:

-комплекстүү — 300

-жамбаш органдарын — 100

-боорду жана өттү — 100

-бөйрөктү — 100

  1. ГИНЕКОЛОГДУН КАРООСУ консультация жана

-кальпоскопия менен бирге — 250

  1. ИЙНЕ САЮУ — 100
  2. СТОМАТОЛОГДУН БАШТАПКЫ КАРООСУ — 30
  3. ТИШТИ ЖУЛУУ (оорутпай) — 250
  4. ПЛОМБУ КОЮУ:

-фотополимердик — 500

-фотохимиялык — 350

-эвикрол — 120

-цемент — 100

  1. ПУЛЬПИТТИ ДАРЫЛОО — 300 — 500

10.ТИШ САЛУУ:

-металлкерамика — 2400

-пластмасса — 300

-металл — 300

-алынма протездер — 1300

-баалуу.металл — 400

11.МАССАЖ:

баш жана моюндун тегерегине — 75

-бетке — 25

-кыр аркага, моюн-төш жагына — 200

-белге — 200

-белдин тегерегине — 50

-омурткаларга — 100

 

Дареги: Кыргыз Республикасы, 720040

Бишкек ш., Абдумомунов көч. 195

Байланыш телефондору: +996 (312) 66-66-70

Факс: +996 (312) 66-67-00

 

 

ИМПЛАНТОЛОГИЯ