Талды-Булак Сол жээк алтын кени Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда, Бишкек шаарынын чыгыш жагындагы 120 км жана Орловка шаарчасынын түштүк жагындагы 12 км жерде Кыргызстандын Түндүк жагындагы Тянь-Шань бөксө тоосунун капталында жайгашкан. Орловка шаарчасынын чыгыш жагындагы 6 км жердеги Кемин шаарчасында темир жол бекети бар.

Талды-Булак Сол жээк алтын кени советтик мезгилде ачылган жана 1963 жана 1995-жылдардагы мезгилдин ичинде көп сандаган геологиялык изилдөөлөрдүн объектиси болгон. Ушул эле мезгилде советтик үлгү боюнча ТЭО аткарылган. 1995-2001-жылдардын ичинде Кыргыз Республикасы тарабынан Талды-Булак Сол жээк долборун биргелешип ишке ашыруу үчүн ар кандай чет өлкөлүк инвесторлор тартылган.

1995-жылы «Плутоник Ресорсес» компаниясы Signet Engineering Pty. Ltd. жана JM & EJ Rose Pty Ltd. фирмаларына кийин ТЭНди даярдоо үчүн кен байытуунун жана жер астында иштетүүнүн долбоорлорун иликтөөнү тапшырган.

1996-жылы «Малайзиан Майнинг Корпорэйшн Берхард» (ММС) компаниясы SNC-Лавалин долбоорлоо-курулуш компаниясына Талды-Булак Сол жээк алтын кенинин М1 жана М2 зоналары боюнча ТЭОну аткарууну, бургулоо иштеринин программасына баа берүүнү, штолнялардын жаңы өткөлдөөрүн аткарууну жана бургулоо иштерин аткарууга көмөк көрсөтүүнү тапшырган. Жумуштардын белгиленген программасы аяктагандан кийин SNC ТЭОну анын ичинде запастарды эсепке алууну аткарган.

Чалгындоого чейин жүргүзүлгөн иштердин негизинде 2000-жылы «Малайзиан Майнинг Корпорэйшн Берхард» (ММС) «Минпрок Лимитед»ге жаңыланган геологиялык моделди пайдалануу менен SNC компаниясынын ТЭНнин кароону, ошондой эле кен байытуу процессинин технологиясын кайра карап чыгууну тапшырган.

Бирок алтынга болгон баанын төмөндөшүнөн улам түзүлгөн банктык ТЭНге макул болбой каржылоодон баш тарткан.

2001-2002-жылдарда долбоор «Кыргызалтын» ААКна берилет, ал жергиликтүү «Кен-Тоо» долбоорлоо-изилдөө институтуна ТЭНди аткарууну тапшырат.

2003-жылы Талды-Булак Сол жээк долбоору боюнча жумуштарды жүзөгө ашыруу үчүн «Кыргызалтын» ААК австралиялык Central Asia Gold Limited ( мындан ары “CAGL”) компаниясы менен биргелешип, «Талды-Булак Голд Майнинг Компании» (мындан ары ТБГМК) ЖЧКсы биргелешкен ишканасын түзүшкөн. 2004 жылы “САGL” компаниясы Банк үчүн ТЭОну иштеп чыгат, ал Мамгеологияга караштуу ГКЗнын отурумунда жактырылган.

Кыргыз Республикасынын ГКЗ тарабынан 29.06.2004-жылы сынамыктан өткөрүлгөн Талды-Булак Сол жээк алтын кенинин С1+С2 категорияларынын жалпы запасы төмөндөгүдөй болгон: орточо камтылышы 7,23 г/т болгондо -64,4 тонна алтын, С2 категориясы боюнча орточо камтылышы 6,08 г/т болгондо – 45,2 тонна күмүш алынат.

2005-жылдын аягында Лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарбагандыгы үчүн “ТБГМК” жоопкерчилиги чектелген коомунан Талды-Булак Сол жээк” кенин иштетүү боюнча лицензиясы алынып, биргелешкен ишкана жоюлат жана «Кыргызалтын» ААК Талды-Булак Сол жээк долбоорун биргелешип ишке ашыруу үчүн жаңы инвесторлорду издөөгө киришет. 2006-жылы «Кыргызалтын» ААК (40% үлүштүк катыштыгы менен) менен казактын ТОО»Summer Gold» компаниясынын (60% үлүштүк катыштыгы менен) ортосунда биргелешкен иш жөнүндө макулдашууга кол коюлат, макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылып, “Алтынкен” ЖЧК биргелешкен ишканасы түзүлөт.

2006-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентство “Алтынкен” ЖЧКсына Талды-Булак Сол жээк алтын кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдаланууга укук берген – 471-АЕ лицензиясын жана геологиялык иликтөө жүргүзүү максатында жер казынасын пайдаланууга укук берген – 470-АП лицензиясын берет.

2008-жылы «Алтынкен» ЖЧКсы Талды-Булак алтын кенинин запастарын жер алдындагы ыкма менен иштетүү боюнча ТЭНди иштеп чыккан. Бүгүнкү күндө ТЭН Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен макулдашуудан өтүп жатат. Бирок, дүйнөлүк каржылык каатчылыктын башталышы менен долбоор үчүн ири суммадагы акчалардын жоктугунан курулуш иштеринин жүрүшүн төмөндөгөн.

Анын үстүнө 2008-2009 жылдары көмөкчү объектилеринин жана инфратүзүмүн (жол, административдик имарат, электр жана суу менен камсыздоо ж.б.), алтын ылгоо фабрикасы (АЫФ) жайгаша турган аянтты даярдоо,калдыктарды сактоочу жай жана штольнялык конвейердин жана желдетүүчү транспортук жантаймаларын, Талды Булак капчыгайында өйдөлүштө транспорт токтоо үчүн өндүрүштүк аянтты түзөө иштери жүргүзүлүп, штольнялардын ичидеги портал иштери жана өткөөл иши башталды (жылдын аягында 200 п/м), негизги тоо кен өткөөл жабдуусу сатылып алынды, заманбап техника менен өткөөл ишин аткаруучу операторлорду даярдоочу участок уюштурулду.

Курулуш иштеринин абдан жай жүрүп жатышы Лицензиялык макулдашуулардын шарттарын аткара албай калды деген суроо коюлду. 2010-жылдын аягы 2011- жылдын башында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Алтынкен» ЖЧКсы менен жаңы Лицензиялык макулдашууга кол коюлуп, кенди ишке берүүнүн мөөнөтүн 2014- жылдын башталышына чейин узартууга мүмкүндүк алган. Ошондой эле ТОО»Summer Gold» инвестор компаниясы 5,2 млн АКШ долларын айып катары төлөп берген.

2011- жылдын август айында долбоордун “Summer Gold» казак инвестору кыргыз тараптын макулдугу менен долбоордогу үлүшүн кытайдын «Superb Pacific Limted» компаниясына (кытайдагы ири тоо кен компаниясы болгон «Zi Jin» компаниясынын туунду компаниясы) саткан. “Кыргызалтын” ААК (40% үлүштүк катыштыгы менен) менен «Superb Pacific Limted» компаниясы (60% үлүштүк катыштыгы менен) укуктарын жана милдеттерин өткөрүп алуу берүү тууралуу Макулдашууга кол коюшкан.