Автоунаа ишканасы
«Кыргызалтын» ААКсынын филиалы болуп эсептелген Автоунаа ишканасы (АТП) 1991-жылы «Ак-Тилек» чакан ишканасынын базасында “Макмалалтын” комбинатынын структуралык бөлүмү катары түзүлгөн.
Ишкананын аймагында автомашиналарды оңдой турган бир нече устакана, кампа жайлары жана темир жол катнашы бар.
“Авто унаа ишканасынын “ ишинин негизги багыттары:
— «Кыргызалтын» ААКна караштуу ишканаларга жүк ташуу жана экспедициялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде чарба жүргүзүүчү субъектилерге жүктөрдү ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү;
— калкка жүктөрдү ташуу боюнча акылуу кызматтарды көрсөтүү;
— автомашиналарды оңдоо болуп саналат.