Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, Республиканын жер казынасынан казылып алынган алтынды жана күмүштү аффинаждоо жүргүзүү үчүн 1992-жылы «Кара-Балтадагы тоо кен комбинаты (мындан ары КТКК) «Аффинаждоочу заводдун» курулган. 1993-жылдан тартып республикада алтынды казып алуунун көлөмү өтө төмөн болгондугуна байланыштуу аффинаждалган алтынды чыгаруу жылына болгону 2 тоннаны түзгөн.

Кыргыз Республикасында гана эмес, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү ири алтын кени чыккан жердин бири болгон “Кумтөр” алтын кенинин пайдаланууга берилишине байланыштуу 1996-жылы аффинаждоочу заводдо реконструкция жүргүзүлөт, анын натыйжасында алтындын уютмаларын чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулук жылына 40 тоннага чейин жогорулатылган. Мындан тышкары, алтынды камтыган сырьену кайра иштетүүнүн технологиялык схемасына өзгөртүүлөр киргизилип, анын натыйжасында күмүштү көп камтыган Доре эритмесин кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Заводду реконструкциялоо жүргүзүүнүн натыйжасында Доре эритмесин хлорлоштуруу участогу уюштурулуп, 1997-жылдын мартынан тартып аны Кумтөр кенине жөнөтүү башталган.

«КР алтынды казып алууну жана өндүрүүнү андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 15-январындагы Жарлыгына ылайык аффинаждоочу алтын кен өндүрүшү «Кыргызалтын» ААКнун курамына өткөрүлүп берилет.

Учурда «Кыргызалтын» ААКнун «Аффинаждоочу заводу» филиалы жогорку сапаттагы 999,9 сынамыктагы салмагы 11 13 кг.жакын стандарттык (банктык) куймаларды, 999,9 сынамыктагы 1000 грамм жана 100 грамм салмактагы алтындын чендик уютмаларын, 999,9 сынамыктагы салмагы 25 кг. жакын күмүштүн стандарттык уютмаларын да чыгарат.

Даяр уютма алтындардын сапатын аныктоо Кара Балта тоо кен комбинатынын (КТКК) курамына кирген Борбордук илим-изилдөө лабораториясы (мындан ары БИИЛ) тарабынан жүргүзүлөт.1998-жылдын мартында аталган лаборатория Дора ширетиндиси боюнча аналитикалык талдоолорду жүргүзүү жана 999,9 сынамыктагы куйма Алтынды, 99,9 сынамыктагы Күмүштү сертификациялоо үчүн Британия Улуттук Аккредитациялык Кызматынын (UKAS) аккредитациясын алган.

Аффинаждоочу заводдун 1999-жылдын октябрында Кымбат Баалуу Металлдардын Лондондук Биржасынан «Good Delivery» сапаттык сертификатына ээ болгон, мунун өзү Кыргыз Республикасындагы аффинаждоочу өндүрүштү дүйнө жүзүндө аффинаждалган алтынды өндүрүүчүлөрдүн мыктылары менен бир катарга коёт. Бүгүнкү күндө заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 40 тонна алтынды түзөт. «Кыргызалтын» ААК тарабынан “Жерүй” жана “Талды-Булактын Сол жээги” кендерин иштетүү үчүн түзүлгөн биргелешкен ишканалардан алынган баалуу металлдарды «Кыргызалтын» ААКнун Аффинаждоочу заводунда алтынды афинаждап, кайра иштетүүгө милдеттенме алышкан.

 

 

place4Дареги: Кыргыз Республикасы, ш.Кара-Балта, к. Кожомбердиева 1-б

 

phone72Байланыш телефондору: +996 03133 7 25 36
Факс: +996 3133 6 19 07