“Макмалалтын” комбинаты филиалы “Кыргызалтын” ААКнун негизги өндүрүштүк бөлүмчөсү болуп эсептелет.Анын салык чегерүүлөрү Тогуз Торо районунун бюджетинин 95% түзөт.

“Макмалалтын” комбинаты филиалы “Макмал” кенинин базасында 1969-1977 жылдары чалгындалып, 1986-жылы колдонууга берилген.

“Макмал” алтын кени Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда борбор шаарыбыз Бишкектен 630 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2350-2800 метр бийиктикте жайгашкан.

Жакынкы темир жол түйүнү:Балыкчы шаары (465 чакырым) жана Жалал Абад шаары (170 чакырым). Бишкек Казарман жолунда (630 чакырым) автоунаа каттамы жыл бою каттап турат.

“Макмалалтын” комбинаты филиалында жумушчулардын саны 1200 дөн ашык адамды түзөт.

1986-жылдан 1996-жылга чейин “Макмал” кени ачык түрүндө иштетилген. Техникалык долбоорго ылайык, кен казуунун жана иштетүүнүн өндүрүмдүүлүгү жылына 500, 0 тоннаны түзгөн. 10 жылдык долбоорлук ишмердүүлүк мөөнөтүндө комбинат 21,7 тонна алтын өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы “Макмалалтын” комбинатынын өмүрүн узартуу тууралуу” №722-Токтомун аткаруу максатында алтын казып алуу жана карьерди пайдаланууга бергенде чыгарылып ташталган баланстан тышкаркы курамында алтыны аз кендерди иштетүү боюнча иштер жүргүзүлдү. 2003 жылы “Макмалалтын” комбинаты “Макмал” кенинен кенди ачык түрдө казып иштетүүнүн аягына чыккан.

Комбинаттын өмүрүн узартуу максатында “Кыргызалтын” ААКнун жетекчилиги тарабынан “Макмал” кенинен кендин көрөңгөлөрүн 2500 метр терең жер алдынан казып алуунун жумушчу долбоорун түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.

 

 

 

place4Дареги: Кыргыз Республикасы, 722660Жалал-Абад облусу,Тогуз-Торо району,Казарман айылы,

 

 

phone72Байланыш телефондору: +996 312 666670
+996 312 962017

 

 

Картадагы орду