«Солтон-Сары» кени Бишкек шаарынан 355 км аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Балыкчыдагы темир жол бекетине чейинки аралык – 175 км, Бишкек- Торугарт трассасына чейин – 82 км. Кен – Бучук, Ак-Таш, Алтын -Төр деген 3 участоктон турат. Кен чыккан жердеги алтындын болжолдуу запасы 20 тоннага жакынды түзөт.

«Солтон-Сары» руднигинин инфраструктурасы алтын запасы 2,9 тоннанын чегинде болгон “Алтынтөр” карьеринен, өндүрүмдүүлүгү жылына 100 миң тонна руда болгон кен байытуучу фабрикадан жан көмөкчү имараттардан жана курулуштардан турат.

1992-жылы Алтынтөр участогундагы геологиялык чалгындоо иштерин Ысык-Көл геологиялык чалгындоо экспедициясы жүргүзгөн. Участокту тажрыйба иретинде пайдалануу 1994-жылы башталган жана ушул мезгилге чейин улантылууда.

Алтынтөр участогу боюнча алтындын баланстык запасы (С1+С2) 2005-жылы Кыргыз Республикасынын ТКЗсы тарабынан 6,97 тонна алтын, тоннасында 3,48 гр алтын камтылган 2981,1 кг алтын сынамыктан өткөрүлгөн.

1997-жылы Алтынтөр участогундагы кен иштери токтотулган жана алтындын баасынын туруктуу төмөндөшүнөн жана металлдын аз алынышынан улам “Алтынтөр” карьери консервацияланган. Карьер жабылганы менен “Солтон-Сары” руднигинин кен байытуу фабрикасы гравитациялык таштанды сакталуучу жайларды тазалоо боюнча ишин уланткан. 2001-жылга карата гравитациялык чекте алтынды алуу максималдуу деңгээлге жеткен.

«Алтынтөр» карьери 1997-2003-жылдарда консервацияда болгон. Алтындын баасынын өсүшү жана алтынды алуу боюнча көрсөткүчтөрдүн жакшырышы Алтын-Төр участогунда казып алуу иштерин кайра баштоого көмөк көрсөткөн.

Руданы кайра иштетүү “Кнельсон” концентратын колдонуу менен гравитациялык байытуунун технологиясы боюнча фабрикада жүзөгө ашырылат. Концентрацияны ийине жеткире иштетүү концентрациялык үстөлдөрдө жүргүзүлөт. Тоннасында 2-2,5 кг алтын камтылган гравиоконцентрат негизги продукция болуп саналат. Гравиоконцентраттардан алтынды алуу 73-75%ды түзөт. Андан кийин гравиоконцентраттан алтынды алуу максатында башка ишканага жиберилет, андагы алтындын курамы 99%ды түзөт. Жылына 100 килограммдан ашык баалуу металл алынат. Гравиоконцентраттан алтынды алуунун технологиясы химиялык реагенттерди колдонулбайт жана бул экологиялык жактан коопсуз болуп саналат.

 

 

place4Дареги: Кыргыз Республикасы, 720040Бишкек ш., Абдумомунов көч. 195

 

phone72Байланыш телефондору:   +996 312 666 675
Факс: +996 312 666 700

 

Картадагы орду