«Кыргыз деңизи» санаторийи Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. 1984-жылдан тартып санаторий 850 адам эс ала турган санаториялык-курорттук мекеменин статусун алган. Ден соолукту чыңдоонун негизги натыйжасы тоо менен көл климатын жана күн нурун айкалыштыруунун эсебинен жетишилет.

Санаторияда дем алуу органдарын, жүрөк — кан тамыр системасын, буту-кол дарттарын, нерв системасынын дарттарын ж.б. дарылоо жүргүзүлөт. Санаторияда суу аркылуу ден соолукту чыңдоого арналган жол-жоболор: минералдык, берметтик, кислороддук, көмүр кычкыл ванналары абдан кеңири талап кылынат (www.ksr.in.kg). Мындан сырткары санаториянын ашканасы чоңдор жана балдар үчүн ар түрлүү мүнөз тамак менен 3 маал камсыз кылат.

Эс алуучуларга бардык шарттар түзүлгөн: Интернет кафе, машыгуу залы, сауна, ден соолукту калыбына келтирүүчү жана чыңдоочу фитобар жана массаждар, косметикалык кабинет жана чач тарач иштейт. Санаторияда жабык бассейн, заманбап жабдылган конференц-зал, 450 орундуу киноконцерттик зал, бий залы, көргөзмө салон, бар, бильярд, балдар жана чоңдор үчүн оюн автоматтары, почта, телеграф, эл аралык телефон, такси кызматы жана китепкана бар.

Эс алуучулар бардык ыңгайлуулуктары бар, комфортабелдүүлүгү ар кандай болгон эки жана үч кишилик номерлерге жайгаштырылат.

 

 

place4Дареги: 722316 Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл обл., Бостери айылы

 

 

phone72Тел: +996 394335648 (Reception) Факс: +996 394335549

 

 

place4Санаторийдин Өкүлчүлүгүнүн дареги :Бишкек ш., Абдымомунов көч. №195

Тел: +996 (312) 62-06-97,

+996 (312) 62-75-97

Веб-сайт: www.vzmore.kg