Терек-Cай рудниги Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай шаарчасында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2350-2800 метр бийиктикте.

Аталган райондо геологияны жана пайдалуу кендерди системалуу изилдөө 1934-жылы башталган жана ошол эле жылы Тереккан алтын кени ачылган. Аны чалгындоо иштери 1978-жылы аяктаган. Азыркы мезгилде Тереккан кени рудниктин сырьелук базасын түзүп турат. “Терек-Cай” рудниги Республикада ишканалардын ичинен көп жыл иштеген эң эски ишкана болуп саналат. Узак жылдар бою ал сурьма жана аны менен чогуу кездешкен алтын казып алууга багытталган ишкана. 1990 жылдардын башында Терек-Cай руднигинин негизги продукциясы “Терек “ деген кен чыккан жерден казылып алынган алтын болгон. 2000 жылдардын башынан ушу күнгө чейин бул кенде алтындын көрөңгөсү түгөнгөндүгүнө байланыштуу рудникке сырьелук база болуп “Тереккан” алтын кени эсептелет.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствонун Жалал-Абаддагы геологиялык-чалгындоо партиясынын жана Кадамжайдагы сурьма комбинатынын Терек-Сай руднигинин базасында “Кыргызалтын” ААКнун филиалы “Терек-Сай рудниги” ачылган. Филиал алтын кени чыккан жерди иштетүү жана геологиялык иликтөө боюнча иштерди жүргүзөт. “Кыргызалтын” ААКнун алтын кени чыккан “Тереккан” жана “Терек” кениндеги “Дальний” участкасын иштетүү үчүн лицензиясы бар.

Рудниктин өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 100 миң тоннадан ашык руданы иштетүүгө жетет. Руда кен байытуучу фабрикада кайра иштетилет, эң акыркы продуциясы болуп сульфиддик флотоконцентрат эсептелинет, мындан тоннасына орточо эсеп менен 40 граммга жакын алтын камтылган сульфиддик флотоконцентрат алынат.

Жыл сайын 150 киллограммга жакын алтын концентраты өндүрүлөт. Мурда (2003 жылга чейин) продукцияны байытуу иши Кадамжай сурьма комбинатында жүргүзүлүп, бирок казакстандык бир ишкана алтын-сурьма эритмесин иштетүү үчүн колдонулган реагенттерди жөнөтүүсүн токтоткондуктан, реагенттердин жоктугуна байланыштуу бул линия жабылган эле.

Кен байытуу комбинатынын продукциясы (флотоконцентрат) Кытай Эл Республикасына жана Казакстан Республикасына сатылат. Терек-Сай зонасындагы алтындын өндүрүштүк запасы, “Перевальное” алтын кени чыккан жерди кошо эсептегенде болжол менен 20-25 тоннага жакын алтынды түзөт. Болжолдоолорго ылайык, “Терек-Сай” тобундагы (Тереккан, Терек, Чапчама и Чаарташ ) бардык алтын чыккан жерлерде– 70 тоннаны түзөт. “Терек-Сай рудниги” филиалынын жумушчу кызматкерлеринин саны 420 адамды түзөт.Инженердик-техникалык персоналдын 70%дан ашыгынын геологияда жана кен казып алуу тармагында көп жылдык стажысы жана бай тажрыйбасы бар.

 

 

place4Дареги: Кыргыз Республикасы,Жалал-Абад облусу,Чаткал району,Терек-Сай шаарчасы

 

phone72Байланыш телефондору: +996 312 942014
Факс: +996 312 942012

 

Картадагы орду