“Кыргызалтын” ААКсынын зергерчилик дүкөнү Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде Абдумомунов көчөсү үй номуру 195 дарегинде жайгашкан. Дүкөндү табуу оңой, анткени, ал “Кыргызалтын” ААКнун башкы имаратында, “Хаят” мейманканасына жакын жайгашкан. Анын текчелерине “Кыргызалтын” ААКсынын зергерчилик цехинде, Кыргызстандын жер казынасынан алынган алтындан жана күмүштөн даярдалган ар кандай зер буюмдар коюлган. Сиз бул жерден өзүңүздүн жана жакшы көргөн адамыңыздын купулуна толгон, Европалык жана улуттук стилдеги зергер буюмдарды тандап алсаңыз болот. Белгилей кетүүчү нерсе, бизде бардык зергер буюмдары кол менен жасалат!

 

Зергер ишканасы

«Кыргызалтын» ААКнун өзүнүн зергерчилик ишкана 1994-жылы уюштурулган. Алгач зер ишканасы Италиянын «Марио Димайо» фирмасынын өндүрүмдүүлүгү жогору болгон заманбап жабдуусу менен жабдылган. Алтынды иштетүүчү чеберлердин арсеналында баалуу металлдардын ар кандай куюлмаларынан, ак, сары жана кызыл алтындан зер буюмдарын даярдоонун, күмүштөн жана платинадан улуттук стилде жана модерн стилинде зергерчилик искусствонун чыгармаларын жаратуунун заманбап ыкмаларынын жана жолдорунун бүткүл спектри бар.Буюмдар ири партиялар менен жана жеке буйрутмалар менен даярдалат.

Зергерчилик цехинде моделдердин 5000ден ашык түрлөрү бар, алардын курамы Германиянын жана Түштүк Кореянын зергерчилик фабрикаларында окутуудан өткөн таланттуу зергер модельерлер тарабынан ар дайым жаңыланып турат.

 

Зергерчилик буюмдары “Кыргызалтын” зергер дүкөнү аркылуу төмөндөгүдөй ассортиментте сатылат:

— Асыл таш коюлбаган жана жасалма таш (фианит) коюлган 585-сынамыктагы зер буюмдары;

— Асыл таш салынбаган, фианит, бермет жана башка таштар коюлган 750-сынамыктагы зергер буюмдар.

Зергер дүкөнү ошондой эле “Кыргызалтын” ААКсынын «Аффинаждоо заводу» филиалынын — «Гуд Деливери» стандартындагы 999,9- жогорку сынамыктагы 1000 грамм жана 100 грамм салмактагы алтындын чендик уютмаларын да сатат.

 

Дареги:

“Кыргызалтын” ААКнын зер буюмдар дүкөнү, Кыргыз Республикасы,

Бишкек ш., Абдумомунов көч. 195

 

Дүкөндүн иштөө тартиби:

Дүйшөмбү – жума күндөрү саат 10-00 дөн саат 18-00 гө чейин;

Түшкү тамак саат 13-00 дөн саат 14-00 гө чейин;

Ишембиде– саат 10-00 дөн саат 13-00 гө чейин;

Жекшемби – дем алыш күн.