Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 02.04.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
9 953.50
10 092.50
2 г.
18 708.50
18 951.50
5 г.
45 024.00
45 564.00
10 г.
88 737.00
89 713.50
20 г.
176 720.00
179 370.50
31.1035 г.
274 085.50
278 196.50
50 г.
439 590.50
452 778.00
100 г.
876 633.50
902 932.50
1000 г.
8 908 533.50
9 042 161.50
Валюта НБКР курсу 01.04.2025
31.03.2025
01.04.2025
USD
86,4000
86,5051
EUR
93,1262
93,6591
RUB
1,0272
1,0162
KZT
0,1717
0,1715
Баалуу металлдар 01.04.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
100,69
Күмүш
1,0934
Палладий
31,972
Платина
32,233

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Миронов” кенин ишке киргизүүгө даярдыгын изилдеди

21/08/2024 ж.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында 2024-жылдын 31-августуна карата ишке киргизилиши пландалып жаткан өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

 

Анда МинКаб Төрагасы облустун бир катар ишканаларына барды, анын ичинде Кемин районундагы клинкер өндүрүүчү заводдо жана “Миронов” кенинде болду.

 

Жумуш сапардын максаты – Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган бул объектилердин  ишке киргизүүгө даярдыгын изилдөө болду.

 

Акылбек Жапаров калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

“Биз ишканаларыбыздын ийгиликтүү иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп, заманбап технологияларды киргизип, продукциянын сапатын жогорулатууга тийишпиз. Чүй облусу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү картасында өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Мындан тышкары МинКаб Төрагасы “Куттуу-Сай” кенинин иши менен да таанышты.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар