Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 02.04.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
9 953.50
10 092.50
2 г.
18 708.50
18 951.50
5 г.
45 024.00
45 564.00
10 г.
88 737.00
89 713.50
20 г.
176 720.00
179 370.50
31.1035 г.
274 085.50
278 196.50
50 г.
439 590.50
452 778.00
100 г.
876 633.50
902 932.50
1000 г.
8 908 533.50
9 042 161.50
Валюта НБКР курсу 01.04.2025
31.03.2025
01.04.2025
USD
86,4000
86,5051
EUR
93,1262
93,6591
RUB
1,0272
1,0162
KZT
0,1717
0,1715
Баалуу металлдар 01.04.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
100,69
Күмүш
1,0934
Палладий
31,972
Платина
32,233

«Кыргызалтын» ААКда ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган алтындын чендик куймалары сатылуучу фирмалык дүкөн ачылды

05/09/2024 ж.

Бүгүн, 2024-жылдын 5-сентябырында  «Кыргызалтын» ААКда ата мекендик өндүрүштөн чыккан алтын куймаларын сатуучу фирмалык дүкөнү ачылды.

Эми алтындын чендик куймалары республиканын бардык жарандарына жеткиликтүү болот.

Алтындын чендик  куймалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө сатыкка чыгат: 1 грамм, 2 грамм, 10 грамм,  20 грамм.

Ошондой эле сентябрь айынын аягына чейин  5 грамм, 31,1035 грамм (1 унция), 50 грамм жана 100 грамм өлчөмдөгү алтындын чендик куймалары сатып алуучуларга сунушталат.

Чендик куймаларды сатууда куймалардын аныктыгын тастыктаган милдеттүү түрдө өзүнчө QR-коддун тиркелүүсү менен ишке ашырылат.

Чендик куймаларды сатуунун жана кайра сатып алуунун баасы  Лондондун баалуу металлдар биржасындагы баанын негизинде  күн сайын белгиленет.

Чендик куймаларды сатуунун максаты инвестициялык чөйрөдөгү керектөөнү канааттандыруу жана аларды инвестициялык актив катары пайдалануу. Чендик куймалардагы баалуу металлдар  - эстелик үчүн жана баалуу белек катары колдонууга болот.

Белгилей кетсек, алтын куймаларына инвестиция салуу - каражаттарды сактоонун эң ишенимдүү жана натыйжалуу жолу болуп эсептелет. Алтын куймалары, биринчи кезекте, келечекте узак мөөнөткө сактоо үчүн чыгарылган. Валюта рыногундагы баанын туруксуздук мезгилинде көпчүлүк инвесторлор баасы туруктуу болгон алтындын курсуна басым жасоо менен өз каражаттарын металл рыногуна инвестициялоону ишенимдүү деп эсептешет. Алтынга болгон инвестициялар алтындын дүйнөлүк баасынын өзгөрүүсүнөн да, валюта курсунун өзгөрүүсүнөн да пайда алууга мүмкүнчүлүк берет.

Жеке жана юридикалык жактар баалуу металлдарды накталай же накталай эмес түрдө шаршембиден жекшембиге чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин (тыныгуу 13:00-14:00) төмөнкү даректен ээн-эркин сатып ала алышат: Бишкек шаары, Т.Абдымомунов көчөсү 195.

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар