Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 02.04.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
9 953.50
10 092.50
2 г.
18 708.50
18 951.50
5 г.
45 024.00
45 564.00
10 г.
88 737.00
89 713.50
20 г.
176 720.00
179 370.50
31.1035 г.
274 085.50
278 196.50
50 г.
439 590.50
452 778.00
100 г.
876 633.50
902 932.50
1000 г.
8 908 533.50
9 042 161.50
Валюта НБКР курсу 01.04.2025
31.03.2025
01.04.2025
USD
86,4000
86,5051
EUR
93,1262
93,6591
RUB
1,0272
1,0162
KZT
0,1717
0,1715
Баалуу металлдар 01.04.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
100,69
Күмүш
1,0934
Палладий
31,972
Платина
32,233

2024-жылдын 16-сентябрында «Кыргызалтын» ААК жетекчилиги менен Кытайдын Xinjiang Xiangsheng New Materials Technology Co., Ltd. компаниясынын делегациясынын жана Хами шаарынын муниципалдык өкмөтүнүн өкүлүүнүн жолугушуусу болуп өттү.

17/09/2024 ж.

2024-жылдын 16-сентябрында «Кыргызалтын» ААК жетекчилиги менен Кытайдын Xinjiang Xiangsheng New Materials Technology Co., Ltd. компаниясынын делегациясынын жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Хами шаарынын муниципалдык өкмөтүнүн өкүлүүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-январындагы № 5 “Кыргыз Республикасынын экономикасын динамикалык өнүктүрүү үчүн полиметаллдарды жана сейрек кездешүүчү элементтерди казып алуу боюнча улуттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси А.У.Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы 2024-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын СУАРынын Хами шаарында болуп, делегация Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd. компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык заводду куруу маселелери талкууланып, «Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd» жана «Кыргызалтын» ААКнын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Кытайлык компаниянын делегациясы «Кыргызалтын» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууну талкуулоо максатында Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки компаниянын ортосунда кол коюлган кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдун алкагында титамагнетитти кайра иштетүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Долбоорду ишке ашырууда заманбап жана коопсуз технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында титомагнетитти кайра иштетүүчү заводду куруу мүмкүнчүлүгүнүн келечегин талкуулашты.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар