Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 02.04.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
9 953.50
10 092.50
2 г.
18 708.50
18 951.50
5 г.
45 024.00
45 564.00
10 г.
88 737.00
89 713.50
20 г.
176 720.00
179 370.50
31.1035 г.
274 085.50
278 196.50
50 г.
439 590.50
452 778.00
100 г.
876 633.50
902 932.50
1000 г.
8 908 533.50
9 042 161.50
Валюта НБКР курсу 01.04.2025
31.03.2025
01.04.2025
USD
86,4000
86,5051
EUR
93,1262
93,6591
RUB
1,0272
1,0162
KZT
0,1717
0,1715
Баалуу металлдар 01.04.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
100,69
Күмүш
1,0934
Палладий
31,972
Платина
32,233

"Кыргызалтын" ААК ардагерлерге терең урматын билдирет!

01/10/2024 ж.

1-октябрь — Карылар күнү, "Кыргызалтын" ААКтын Башкармалыгынын жетекчилиги менен улуу муунду урматтоо максатында өзгөчө салтанат өттү. Бул күнү биздин ишкананын ардагерлери, кезинде "Кыргызалтынды" түптөгөн жана анын өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсандар, өзгөчө көңүл бурууга татыды.

 

Ардагерлерге ыраазычылык билдирилип, алардын жасаган эмгеги биздин мекеменин тарыхында  өчпөс из калтырганы белгиленди. Ардагерлерге ар дайым кадыр-барк көрсөтүлүп, бүгүнкү иш-чарада аларга атайын белектер жана сыйлыктар тапшырылды. Кече көңүлдүү музыкалык ыргактар менен коштолуп, соңунда ардактуу өндүрүшчү ардагерлер ак дастаркондон даам сызышты.

 

Урматтуу ардагерлер! Сиздердин кайраттуу эмгегиңиздер жана акыл-насаатыңыздар биздин жол башчыбыз. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана жакындарыңыздын урмат-сыйында бакубат жашоо каалайбыз. Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер ар дайым эсте болуп, кийинки муундарга дем берет деп ишенебиз!

 

Карылар күнү кут болсун!

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар