Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 02.04.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
9 953.50
10 092.50
2 г.
18 708.50
18 951.50
5 г.
45 024.00
45 564.00
10 г.
88 737.00
89 713.50
20 г.
176 720.00
179 370.50
31.1035 г.
274 085.50
278 196.50
50 г.
439 590.50
452 778.00
100 г.
876 633.50
902 932.50
1000 г.
8 908 533.50
9 042 161.50
Валюта НБКР курсу 01.04.2025
31.03.2025
01.04.2025
USD
86,4000
86,5051
EUR
93,1262
93,6591
RUB
1,0272
1,0162
KZT
0,1717
0,1715
Баалуу металлдар 01.04.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
100,69
Күмүш
1,0934
Палладий
31,972
Платина
32,233

Президент Садыр Жапаров «Кыргызалтын» ААКнын өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнгө барды

10/10/2024 ж.

Бүгүн, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргызалтын»ААКнын өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнү менен таанышып чыкты. Мамлекет башчысына дүкөндүн расмий ачылышы 2024-жылдын 5-сентябрында болгондугу жөнүндө маалымат берилди.

«Кыргызалтын» ААКнын фирмалык дүкөнүндө алтын куймаларын сатуу көлөмү 50 миллион сомду, ал эми компаниянын таза кирешеси 3 миллион сомду түздү. Учурда өлчөнгөн куймаларды каалаган жаран сатып ала алат, анын ичинде башка мамлекеттердин жарандары да.

Президент Садыр Жапаров «Кыргызалтын» ААКнын продукциясын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин, анткени өлкөдө өндүрүлгөн алтын акыры эл аралык биржаларда сатылып, анда баалар фирмалык дүкөндөн төмөн болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Президенттин алтынга салынган инвестициянын кирешелүүлүгү тууралуу суроосуна «Кыргызалтын» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Кубат Абдраимов, эки жыл мурун бир килограмм алтын сатып алгандар азыркы базар баасын эске алганда, бүгүн 34 миң АКШ доллар киреше менен сата аларын билдирди.

Президент Садыр Жапаров атамекендик алтын куймаларын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү жолу экенин белгилеп өттү. Ал өлкөнүн колунда бар, бай жарандарын аманаттарын алтынга салууга үндөдү, анткени анын наркы жыл сайын өсүп жатат.

Алтын куймаларды шейшембиден ишемби күндөрүнө чейин Бишкек ш., Абдумомунов көч., 195 дареги боюнча сатып алууга болот.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар