“Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Кубат Абдраимов унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводдун ишин инспекциялады
“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов “Кумтөр Голд Компани” ЖАКын Токмок шаарындагы филиалынын – унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводдун ишин инспекциялады.
“Кыргызалтындын” жетекчиси Кубат Абдраимов дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү менен алектенген заводду мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Ондогон жылдар бою колдонулган дөңгөлөктөр сакталып же жөн эле таштандыга ташылып келген. Эми заводдун ишке кириши менен бизде кайра иштетүү гана эмес, мурда колдонулган унаа дөңгөлөктөрүн кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул өлкөнүн экологиясына жана айлана-чөйрөнү сактоого кошкон чоң салым", - деп айтты Кубат Абдраимов.
Белгилей кетсек, Токмок шаарындагы унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын август айында тесттик режимде ишке киргизилген. Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү боюнча заводдун 2 цехинде тең заманбап технологиялык жабдуулар орнотулган. Завод калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон унаа дөңгөлөктөрүнөн ар кандай фракциядагырезина күкүмдөрүн алуу менен бирге жогорку легирленген болотту да ылгап алат. Учурда заводдун продукциясына суроо-талап жогору болууда.