«Кыргызалтын» ААКы Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Кыргыз Республикасындагы ишкерлер делегациясы менен жолугушту
Бүгүн, 2025-жылдын 5-мартында, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Россия Федерациясынын Свердлов облусунун бизнес миссиясынын катышуучулары менен жолугушту.
Иш сапардын жүрүшүндө россиялык компаниялардын өкүлдөрү металлургия жана тоо-кен өнөр жайына керектүү түрдүү жабдууларды жана материалдарды өндүрүү жагынан алардын өндүрүшү тууралуу маалымат беришти.
Ошол эле учурда «Кыргызалтын» ААКтын жетекчиси Кубат Абдраимов Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельциндин атындагы УрФУнун мамлекеттик жогорку окуу жайынын эл аралык байланыштар боюнча проректору Сергей Тушин менен тоо-кен тармагындагы кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана тоо-кен тармагында квалификациясын жогорулатуу боюнча суроолорду талкулады.
Жолугушуунун жыйынтыгында «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси Кубат Абдраимов мындан аркы өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.