Өлчөнгөн алтын куймаларынын баалары 19.06.2025
Сатып алуу, с.
Сатуу, с.
1 г.
10 766.50
10 917.50
2 г.
20 313.00
20 577.00
5 г.
49 038.00
49 626.50
10 г.
96 790.50
97 855.00
20 г.
192 801.50
195 693.50
31.1035 г.
299 095.50
303 582.00
50 г.
479 807.00
494 201.00
100 г.
957 041.00
985 752.50
1000 г.
9 712 611.50
9 858 301.00
Валюта НБКР курсу 19.06.2025
18.06.2025
19.06.2025
USD
87,4500
87,4500
EUR
101,0660
100,5850
RUB
1,1106
1,1107
KZT
0,1696
0,1687
Баалуу металлдар 18.06.25 UTC
Долл./гр.
Алтын
109,08
Күмүш
1,1864
Палладий
33,797
Платина
41,806

"Кыргызалтындын" башчысы Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайындагы өндүрүштүк процесстерди инспекциялады

17/06/2025 ж.

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайындагы долбоорлордун ишке ашырылышын жана өндүрүш процесстерин инспекциялады.

Анын алкагында "Кыргызалтындын" башчысы Кумтөр кен жайынын Борбордук жана Сары-Төр карьерлеринин, алтын ылгоочу фабриканын, май куюучу комплекстин жана оор техникаларды оңдоочу жайдын иши менен таанышты.

Кубат Абдраимов "Кумтөр Голд Компани" үчүн ушул жылга белгиленген алтын өндүрүү планын так аткаруу тапшырмасын койду.  Ошондой эле ал оор тоо-кен техникаларын оңдоочу жайдын жана май куюучу комплекстин ишине өзгөчө көңүл бурду.

"Азыр кен жайда эң заманбап атайын тоо-кен жана көмөкчү техникалар иштейт. Техника бийик тоо шартында, көбүнчө катаал аба ырайында тынымсыз иштегендиктен, ар кандай бузулуулар сөзсүз болот. Мында көп нерсе оңдоочу усталардын кесипкөйлүгүнөн көз каранды, алардын жогорку чеберчилигинен албетте эч ким шектенбейт. Күйүүчү май куюучу комплекске келсек, анын ишке киргизилиши дизель отунун колдонууну көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана олуттуу каржылык ресурстарды үнөмдөөгө мүмкүндүк бергенин белгилегим келет. Биз мындай жетишкендиктер менен токтоп калбашыбыз керек. Бул багыттагы ишти дайыма өркүндөтүп, санариптештирүү элементтерин активдүү илгерилетебиз", – деп белгиледи ал.

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195
Байланыштар