Каракала-Терек аянтында геологиялык чалгындоо жана «Терек» кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишке катышуу укугу үчүн жарыяланган конкурстун жыйынтыгы
19/06/2025 ж.
Каракала-Терек аянтында геологиялык чалгындоо жана «Терек» кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишке катышуу укугу үчүн жарыяланган конкурска белгиленген мөөнөт ичинде эки конкурсдук арыз тапшырылган.
Конкурстук комиссия түшкөн документтерди конкурстун талаптарына ылайык текшерип, ар тараптуу карап чыкты.
Арыздарды кароонун жыйынтыгында, экөө тең конкурстун шарттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербейт деген жыйынтыкка келинди.
Ушуга байланыштуу комиссия эки арызды тең четке кагып, конкурсту өткөн жок деп жарыялады.
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдымомунова №195