Тажикстандын делегациясы
Тажикстан Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Х. Холикзоданын Кыргыз Республикасына иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын бизнес-делегациясынын өкүлдөрүнүн жумушчу сапары болуп өттү.
Иш сапардын алкагында тажик делегациясы «Кыргызалтын» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкананын бир катар өндүрүштүк жайларында болушту.
Тактап айтканда, тажик өкүлдөрү Токмок шаарындагы «Кыргызалтын» ААКтын филиалы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКна караштуу дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдо болушту.
Делегация дөңгөлөктөрдү ысык, муздак калыбына келтирүү жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн технологиясы менен таанышты. Бул технология алардын иштөө мөөнөтүн кыйла узартууга, өздүк бааны төмөндөтүүгө жана калдыктарды азайтуунун эсебинен айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берет.
Делегация Кыргыз Республикасындагы жалгыз алтын куймаларын чыгаруучу ишканага барууга өзгөчө көңүл бурушту. Таанышуу жыйынынын жүрүшүндө Тажикстандын өкүлдөрү ишкананын технологиялык процесси жана өндүрүштүк кубаттуулуктары, ошондой эле сапат стандарттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Иш сапардын жыйынтыгында тажик делегациясы «Кыргызалтын» ААКнын алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүндө да болушту. Анын жүрүшүндө конокторго кыргыз алтынынын ассортименти жана анын инвестициялык потенциалы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Белгилей кетсек, иш сапардын максаты Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай потенциалын изилдөө болгон.