Сайттын картасы
Токон Мамытов «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы: «Мен үчүн баарынан кыргыз мыйзамдары бийик турат»

Home
Башкы бет
Биз жөнүндө
Автору: Басма сөз катчы   
07.07.2004 15:54

foto - кыргызалтын

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасында алтын өндүрүүнү өздөштүрүү боюнча адистешкен ири өнөр жай болуп эсептелет.

1992 жылы Кыргызалтын" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Тоо кен тармагындагы ири ишканалардын башын бириктирүү жана ошол учурда иштеп жаткан өндүрүштү андан ары иштетүү жана алтын казып алуу боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашыруу максатында "Кыргызалтын" Мамлекеттик концерни түзүлгөн.

1999 жылы 23-июлда ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана корпоративдик башкаруунун принциптерин киргизүү үчүн "Кыргызалтын" Мамлекеттик концерни "Кыргызалтын" ачык акционердик коому болуп кайрадан түзүлгөн.

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому өзүнүн өнөктөштөрү жана биргелешкен долбоорлор менен бирдикте Кыргызстандын 97% ашык алтынын өндүрөт. Алтын өндүрүү 10% жакын республиканын ички дүң продукциясынын, 40% өнөр жай өндүрүштүк продукциясынын жана 60% экспортун түзөт. Кыргыз Республикасы алтын өндүрүү боюнча КМШ өлкөлөрдүн ичинен үчүнчү орунда турат.

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун курамына жети филиал кирет:

foto - кумтор “Макмалалтын” Комбинаты;

 “Терек Сай кен иштетүү” филиалы;

 “Солтон-Сары кен иштетүү” филиалы ;

 “Аффинаждоо заводу” филиалы;

 “Автоунаа ишканасы” филиалы;

 “Адистештирилген курулуш өндүрүштүк ишканасы” филиалы;

 "Кыргыз деңизи" санаторийи” филиалы;

 Зергерчилик ишканасы жана зергер буюмдар дүкөнү;

 “Кыргызалтын” ААКнун мейманканасы;

 “Кыргызалтын” ААКнун медициналык борбору.

foto - ювелирный цехСоңку жылдары алтын базары жандангандыгына байланыштуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна учурда аткарылып жаткан иштерди модернизациялоого жана жаңы алтын кен ишканаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.

“Кыргызалтын” ААК " Centerra Gold Inc." Компаниясында ( Кыргыз республикасындагы “Кумтөр” кени жана Монолиядагы, Россиядагы, Турциядагы жана Америка Кошмо штатндагы бир катар алтын кени чыккан жерлер ) жана “Алтын кен” ЖЧК (Талды-Булак Сол жээк” кени), Жерүй ЖАК (“Жерүй” кени) биргелешкен ишканаларында кыргыз тараптан өкүлчүлүк кылат.

“Кыргызалтын” ААК төмөндөгү стратегиялык маанилүү тапшырмаларды аткаруунун үстүндө иштерди алып барат:

 Учурда иштеп жаткан жана келечекте иштей турган ишканалар үчүн минералдык сырьелук базасын өнүктүрүү жана алтын кени чыккан жерлерди толук иштетүү;

 Өндүрүштүк, кадрдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу;

foto - макмал Инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү;

 Эмгек жамаатынын эмгекке, эс алууга жана ден соолукту калыбына келтирүү боюнча шарттарды түзүү;

 Кен чыккан жерлерде социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү;

 Коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоону камсыз кылуу жана айлана чөйрөнү коргоо ж.б.

Учурда “Кыргызалтын” ААК динамикалык түрдө өнүгүп, бардык түшкөн кирешелер өндүрүштү өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө жана кен чыккан жерлерди өздөштүрүүгө жумшалып жатат.

 

Жаңыланды 08.12.2011 19:28
 


Рейтинг@Mail.ru