Новости

Тогуз-Тородо үйлөрдүн үстүн чатырлоо иштери кызуу жүрүүдө

By 27.09.2022 No Comments

«Кыргызалтын» ААКна Тогуз -Торо районунун Казарман аыйлындагы «Нур Жайык» кичи районунун тургундары үйлөрдүн чатырлары эскирип, үстүнөн суу кирип жатат, ошондуктан ошол маселени чечип берүү тууралуу өтүнүч кат менен кайрылышкан.
Кайрылуусунун негизинде «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги тарабынан каралып, 2022-жылдын 12-сентябрында аталган кичи районунда жайгашкан тогуз үйдүн чатырларын оңдоо иштерин толугу менен каржылоо жагы чечилген жана «Кыргызалтын» ААКнын «Кыргызалтын-Курулуш» филиалы тарабынан үйлөрдү чатырлоо иштери башталган. Аткарыла турган жумуштун долбоору боюнча жети үйдү чатырлоо боюнча сметалык наркы 20.3 млн сомду түзүп, ал эми №1 жана №18 үйлөрдүн чатырын оңдоп-түзөө иштери үчүн дефектилик актынын негизинде сметалык наркы 4.85 млн сомду түздү. Үйлөрдү чатырлоого жалпы 25 млн.150 миң сом каралган. Азыркы тапта чатырлоо боюнча курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Leave a Reply