2023-жылдын 19-январында директорлор кеңешинин чечими менен «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Калдарбеков Элдияр Султанович берген арызына ылайык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык жоболоруна ылайык 2023-жылдын 19-январында Абдраимов Кубат Бейшенбекович «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
Абдраимов Кубат Бейшенбековичти «Кыргызалтын» ААКтын жамаатына ишкананын директорлор кеңешинин төрагасы Бакиров Сүйөркул Керимкулович тааныштырды.
Маалымат үчүн: мурда К.Б. Абдраимов Ош шаарынын экс прокурору болуп эмгектенген, ошондой эле «Кыргызалтын» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.