Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясы (LBMA) менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Э.Калдарбеков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген делегациянын курамында ЛБМАнын аткаруучу директору Пол Фишер жана башкы юридикалык адис Сахила Мирза менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстандан дүйнөлүк рынокко, анын ичинде Британия рыногуна баалуу металлдарды чыгарууга байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле ата мекендик алтынды дүйнөлүк рынокто сатууну кайра баштоо пландалууда.