Ишканага депутаттардан тышкары министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Улуттук банктын өкүлдөрү барышты. Депутаттык комиссиядан Арсланбек Малиев, Исхак Масалиев, Надира Нарматова, Балбак Түлөбаев, Марат Мураталиев, Нилуфар Алимжанова, Карим Ханжеза, Мейкинбек Абдалиев, Динара Ашимова жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Комиссия аффинаждык заводдон кийин Кара-Балта шаарындагы «КГРК» ААКнын Борбордук илимий лабораториясына баш бакты.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин өткөн жылдын 28-сентябрындагы жыйынында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун алтындын сатылышын, жалпы өндүрүшүнүн көлөмүн иликтөө жана анын менчигине өткөн учурдан тартып ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.


