Компаниянын башкы максаты тоо-кен тармагын бириктирүү, иштеп жаткан ишканаларды колдоо жана алтын кендерин өздөштүрүү боюнча сунушталган жаңы долбоорлорду ишке ашыруу болуп келген.
«Кыргызалтын» АККда бүгүнкү күнү 2000 ден ашуун кызматкерлер эмгектенет. Коомдун курамында 7 филиалы «Макмалалтын» комбинаты, «Терек-Сай», «Солтон-Сары» кендери, автотранспорт ишканасы, «Аффинаж» заводу, зергерчилик цехи, «Кыргыз деңизи» санаторийи бар.
Бул күнгө чейин компания алтын кендерин комплекстүү өздөштүрүү, өндүрүш потенциалын рационалдуу пайдалануу, техникалык коопсуздукту түзүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка стратегиялык иш-чараларды активдүү жүргүзүп, өлкөгө бир топ салым жасап келген
2022 жыл дагы «Кыргызалтын» Ачык Акционердик Коому үчүн жемиштүү жыл болду, 2022-жылдын 4-кварталына ААК тарабынан аткарылган иштер боюнча отчетту жарыялайбыз.
- «Кыргызское взморье» санаторийинин филиалында капиталдык ремонттук иштери жүргүзулүп жатат.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК биргелешкен ишканасынын үлүшүн кыргыз тараптын пайдасына өткөрүп берүү мүмкүндүгү боюнча сунушту иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов жетектеген делегациянын курамында ири банк корпорациялары жана финансы институттары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын баалуу металлдарын дүйнөлүк рынокко чыгаруу маселелери талкууланды.
- Компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосундагы өндүрүштүк процесстердин өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында заманбап санариптик технологиялар киргизилүүдө.
- Ишканада иштин натыйжалуулугун жогорулатуунун алкагында уюштуруу структурасы оптималдаштырылды.
- 23,7 тонна алтын тазаланды.
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2,2 млрд сом өлчөмүндө дивиденддер төлөндү.
- Чет элдик инвесторлор менен тоо-кен тармагындагы долбоорлор боюнча кызматташуу боюнча жолугушуулар өттү.