Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астанада жайгашкан Финляндиянын Кыргызстан боюнча Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист жана “Метсо Аутотек” () компаниясынын президенти Маркку Терасвасара жетектеген Финляндия делегациясын кабыл алды.
Аталган жолугушууда “Кыргызалтын” ААКнын төрагасынын орун басары Омуралиев Бекмурза Асаналиевич катышты.

Жолугушууда тараптар саясий кызматташтыкты жандантуу, Кыргызстандын экономикасына фин компанияларынын инвестицияларын тартуу, “жашыл экономика”, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен өндүрүшү, креативдүү экономика чөйрөсүндө кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Ал эми элчи фин компаниялары “жашыл” экономика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин билдирип, Кыргызстандын бул багыттагы чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин “Метсо Аутотек” компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, “Кыргызалтын” ААК, “Кумтөр Голд Компани” ЖАК, “Алтынкен” ЖЧК жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүшкөн.