Урматтуу Кыргызстандыктар!
Сиздерди жер ийип, күн-түн жанашкан, жаздын алгачкы айы, бүгүнкү Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Нооруз – күн менен түндүн жазгы теңелүүсү, жаңылануунун, теңдиктин, аруулуктун жаз майрамы.
Бул майрамдын көөнөрбөс башкы касиети ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп-адатын, рухий дөөлөтүн руханий байлыгын кылымдан кылымга, муундан муунга мурастап келе жатканында. Ноорузду утурлай Ала-Тообуз көрккө келип, элибиз шаңдана салтанаттуу түрдө куттук айтып, жакшылыктарды тилек кылуу менен улуу көчтүн наркын сактап, улуулугун дагы бир ирет даңазалайт. Бул майрам-жаңы башаттардын башталышы. Жазда өрүк гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр алып, дыйкандар кош айдап, үрөн сээп, түшүмдүүлүктүн көп болушун тилегендей биз дагы Нооруз майрамында элибизде ынтымак, биримдик болсун деп аруу каалоо-тилектерди тилейбиз.
Жараткан жалгап, тилегибиз ишке ашсын. Нооруз, баш багып кирген жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Өлкөбүз өсүп-өнсүн, жергебиз берекеге толуп, кыргыз элинин күткөнүн берсин!
Урматтоо менен ,
“Кыргызалтын” ААКнын башкармалыгынын төрагасы
К.Б.Абдраимов
___________________________________________________________________________________________
Уважаемые Кыргызстанцы!
Поздравляем с праздником Нооруз!
Праздник весны и Нового года, символ духовного возрождения, самоочищения и обновления. Этот теплый весенний праздник пусть принесет всем нам свет и добро, мир и радость, веру и надежду на достойное будущее.
В этот прекрасный весенний день желаем Вам творческого вдохновения, благополучия, здоровья и личного счастья. Пусть Нооруз для каждого жителя суверенного Кыргызстана ознаменует дальнейшее укрепление дружбы, единства и сплоченности, что приведет к процветанию нашей Родины.
С уважением,
Председатель Правления ОАО «Кыргызалтын»
К.Б.Абдраимов