Геолог күнү менен куттуктайбыз!

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

«Кыргызалтын» ААКы башкармалыгынын төрагасы К.Б.Абдраимовдун Геолог күнү менен куттуктоосу:
«Урматтуу Кыргыз Республикасынын геология кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын геология кызматынын күнү менен кызуу куттуктоого уруксат этиңиздер.
Учурда тоо кендерин иштетүү тармагы өлкөбүздүн өнүгүү багытын аныктоочу тармак экендиги жана бул жаатта 20 миңге чукул адам эмгектенип, республикабыздын өнүгүшүнө салым кошуп жаткандыгын белгилеп кетким келет. Мунун баарысы тең, геология тармагы менен тикелей байланышып турат.
Кылымга чукул мезгил сыноосунан өтүп топтолгон өлкөбүздүн жатак кендерин казып алуу тармагындагы ардагерлердин баа жеткис тажрыйбасын пайдалана билүү ишти илгерилетээри да анык.
Урматтуу кесиптештер, сиздердин ургаалдуу жана жаратман ишиңиздер, илимий жана чыгармачылык эргүү мамилеңиздер менен өлкөбүздүн геология тармагы мындан ары дагы арышын арбыта берет деп терең ишенем.
Сиздерди дагы бир жолу куттуктап, чың ден соолук, кажыбас кайраттуулук каалайм. Ары түйшүктүү, ары маанилүү ишиңерди ийгилик коштосун!»