«Кыргызалтын» ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү Жетыбаев Нуртазин шайланды

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

2023-жылдын 4-апрелинде «Кыргызалтын» ААКда акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү.

«Кыргызалтын» ААКнын акционерлеринин чечими менен Директорлор кеңешинин мүчөсү Жетыбаев Нуртазин Алымкулович шайланды.

Нуртазин Жетыбаев 1966-жылы 10-октябрда Кара-Балта шаарында туулган. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган. Буга чейин 2022-жылдын июнь айынан 2023-жылдын январына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорлук кызматын аркалаган.