«Кыргызалтын» ААК менен «Березовский Рудник» ири тоо-кен компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

2023-жылдын 10-апрелинде Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында «Кыргызалтын» ААК менен «Березовский Рудник» ири тоо-кен компаниясынын ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Тараптар Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, эки өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү маселелерине басым жасалды.

“Кыргызалтын” ААКы башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимовдун билдирүүсү боюнча кызматташтыктын алкагында алтынды жаңы метод менен бөлүп алуу боюнча алдыңкы технологияны кеңири колдонуу болуп эсептелет. Себеби баштагы алтынды бөлүп алууга караганда жогорудагы  жаңы метод эки эсе арзан түшөөрү иш жүзүндө аныкталган.

Аны менен катар тараптар өз  кызматкерлеринин  тажрыйба алмашууларына, айлана-чөйрөгө кен иштетүүнүн тийгизген таасирин минималдаштыруу жаатында иш алып барууга кызыкдар экендигин белгилешти.

 

“Березовский Рудник” 1745-жылдан бери иштеп жаткан Уралдагы эң байыркы тоо-кен ишканасы болуп саналат. Алтын кен 275 жылдан бери Россия Федерациясын баалуу сырьё менен камсыз кылып келе жаткан, дүйнөдөгү эң узак иштеген алтын кендердин алдыңкы сабында турат.

“Березовский Рудник” бүгүнкү күнү баалуу металлдарды казып алууда жана байытууда заманбап технологияны киргизип, жаңы бийиктиктерди багындырууда.  Алтын кендин эсебине: Түштүк жана Түндүк эки тоо кени, ошондой эле кубаттуулугу 880 000 тонна болгон кайра иштетүүчү фабрика кирет.