Кыргызалтын” ААКы менен Урал федералдык университетинин ортосунда кызматташуу боюнча иштиктүү сүйлөшүүлөр орун алды

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

Өткөн жумада “Кыргызалтын” ААКы менен Россия Федерациясынын региондогу алдыңкы илимий-окутуу борбору жана эң ири жогорку окуу жайы эсептелген Урал федералдык университетинин ортосунда кадрларды даярдоо, тоо-кен өнөр жай тармагындагы концентраттарды жана рудаларды изилдөө жаатында кызматташуу боюнча иштиктүү сүйлөшүүлөр орун алды. “Кыргызалтын” ААКы башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов билдиргендей, аталган тармакта билими жетик кадрларды жетишээрлик даярдоо менен гана өлкөүздүн тоо-кен өнөр жайын өстүрүп жүрүп отурсак болот. Ошондой эле Евразия чөлкөмүндөгү илимий борбор аталган Урал федералдык университети менен тоо-кен тармагы боюнча тыгыз кызматташтык күчөтүлүп, илимий жетишкендиктерди биргеликте жүзөгө ашыруу аракети көрүлүп турат.

 

11.04.23