Орозо айт майрамыныздар менен!

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм!
Кылымдардан келе жаткан Орозо айынын маани-маңызы бийик. Орозо айы ыймандуулуктун, ички руханий тазалыктын жана сабырдуулуктун айы.
Элибизди тынчтыкты, ынтымакты бекемдөөгө, адамдарды бири-бирине урмат-сый менен мамиле жасоого чакырат
Ыйман нуру ар бир жараныбыздын жүрөгүнө жылуулукту ыроолосун. Рамазан айында жасаган соопчулук, кайрымдуулук ишиңиздер мындан ары да улана берсин! Ар бир үйгө ачык асман, бакыт-таалай, береке, жарык маанай, бакубат турмуш каалайм!
Айт маарек болсун, урматтуу мекендештер!

 

Урматтоо менен ,
“Кыргызалтын” ААКнын башкармалыгынын төрагасы
К.Б.Абдраимов