ӨРНӨГҮ БИЙИК КЕСИПТЕШТЕР

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

Расул Артыкбаев – “Кыргызалтын” ААКы башкармалыгынын өндүрүштү көзөмөлдөө, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана экология кызматынын башчысы

Апрель айынын акыркы аптасынын жума күнү Дүйнөлүк эмгек уюму тарабынан иш ордундагы коопсуздук жана дени-сактык – эмгек күнү катары белгиленип келет. Муну менен кандай гана маанилүү жумуш орундары түзүлбөсүн, ириде адам өмүрү баарынан кымбат экенине көңүл бурдуруу экендиги анык. Кайсыл мекеме ишкана болбосун өндүрүштү көзөмөлдөө, эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана экология бөлүмдөрү ал жерде тынымсыз иш алып барышат эмеспи.

Бүгүнкү сөз кылчу кызыктуу каарманыбыз “Кыргызалтын” ААКы башкармалыгында, жогоруда белгиленген бөлүмдүн башчысы болуп кызмат өтөп жаткан Расул Саткынович Артыкбаев болмокчу. Кишиге күлө багып караган, үнүн жөн салды көтөрүп сүйлөбөгөн, пайгамбар жашына барып калса да улуу-кичүүсүнө карабай биринчи озунуп учурашкан, адамдын көңүлүн улай, илгээри жетелеп койчу сапаты бар бул кишини өз ишине келгенде негиздүү түрдө көкмелтейге айланат деп элестете албайсың. Коопсуздук техникасы жобого ылайык келбейби, бүттү аны менен сөз кыска, акелеп-жакелесең да, ортого кимди салсаң да болбой, моюн толгогону толгогон. Дал ушундай негиздүүлүктөн тайбаган мүнөзү үчүн көзгө көрүнгөнү менен көптөгөн ыксыз мамилелерге туш болгону да бар.

Расул Саткыновичтин эл арасында анын “Бала башкарма” деген да ылакап аты бар экенин азыркы жаштар көп биле беришпейт. Тээ Союз мезгилинде, тоолуу райондордун жетекчи токтобогон бир айылында жыйырма беш жашында башкарма болуп бекип, ишти өтөөсүнө чыгара аракеттенет. Жапжаш кызматкердин канатын кайрып коёбуз дегендер жетишээрлик болгонуна карабай, иштин көзүн таап, элди уюштуруучулук жөндөмү менен алып, ар кимдин жөндөмүнө жараша иш берип эл оозуна алынат. Жыйынтыгы баштагылардан эселүү мыкты чыккандыктан, кийин кетээринде айыл аксакалдары чогулуп, “Бала башкарма” атыгып калган Расул Саткыновичтин колуна жеңил “УАЗ” машинесинин ачкычын кармата, батасын берип узатышканы азыркыга дейре аңыз кеп болуп жүрөт .

Ошондон бери элдин ишеничин ак ниеттүүлүк менен гана аркаласа болоорун жадына сиңирген кыргыздын мырза жигити, аликүнчө баштагы калыбынан эгерим жазбай келет.

Кийин удаасы менен эки окуу жайды, Айыл чарба институту менен Тоо-кен университетин аяктап, өлкөбүздүн булуң-бурчунда көп эмгектерин өтөп келди. Эң эле орчундуусу өлкөбүздө жаңыдан түзүлгөн Мамлекеттик Экотехинспекция кызматынын уставын, жоболорун, түзүмдүк бөлүктөрүн түгөл баарысын иштеп чыгууда орошон ишти аткара алганында. Ошондой эле “Жер үй” кенин жабдууларын, калдыктарды сактоочу жайын (хвостохранилищасы), карьердин түзүлүштөрүн жана технологиялык геочалгындоолорду иштеп чыгуунун баарысына Расул Саткыновичтин катышы аябагандай чоң.

Кийин удаасы менен эки окуу жайды, Айыл чарба институту менен Тоо-кен университетин аяктап, өлкөбүздүн булуң-бурчунда көп эмгектерин өтөп келди. Эң эле орчундуусу өлкөбүздө жаңыдан түзүлгөн Мамлекеттик Экотехинспекция кызматынын уставын, жоболорун, түзүмдүк бөлүктөрүн түгөл баарысын иштеп чыгууда орошон ишти аткара алганында. Ошондой эле “Жер үй” кенин жабдууларын, калдыктарды сактоочу жайын (хвостохранилищасы), карьердин түзүлүштөрүн жана технологиялык геочалгындоолорду иштеп чыгуунун баарысына Расул Саткыновичтин катышы аябагандай чоң.

Алган сыйлыктарына көз чаптырсак, баарысы тең эле жеринен берилген алкоолор экен, жогорку даражадагы сыйургаалдар жокко эсе. Мунун чоо-жайын сураштырсак, көп жылдан бери чогуу иштешкен кесиптеши, биология илимдеринин кандидаты, эколог Нургүл Райымжановна Айбашеванын айтымында, Расул Саткынович ар дайым сыйлыкка көрсөтүү маселеси келгенде жаштарды сүрөп, алардын көөнү өссүн деп баш тартып коймою бар экен.

Кошумчалай кетчү нерсе, ушул чакан макаланы жазаардан алдың, Расул Саткыновичке байланышсак кызматтык иш-сапарда экен. Өзү тууралуу маалымат алалы дегенибиз да оңунан чыккан жок, себеби ал киши өзү жөнүндө айта бергенди жактыра да бербейт окшобойбу. Не демекчибиз, күлүк чыгат кунан кезинен, жигит чыгат улан кезинен дегендей, бала кезден башкарма болгон агабыз, эми минтип баралына келгенде өлкөбүздүн коопсуздук техникасына баам салып, баасын берип, байсалдуу иштеп, баарысынын батасын алып жүргөн чагы. Дүйнөлүк эмгек уюму белгилеген коопсуздук жана эмгек күнү менен Расул Артыкбаевди жана ал жетектеген “Кыргызалтын” ААКы башкармалыгынын тиешелүү бөлүмүн кызуу куттуктап, албан ийгиликтерди каалап кетебиз.

“Кыргызалтын” ААКы башкармалыгынын чеимдердин аткарылышын, стратегиянын ишке ашырылышын жана кадр саясатын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы