1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктайбыз!

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

“Кыргызалтын” ААКы башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимовдун 1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди 1-Май – Эмгек майрамы менен чын дилден куттуктайбыз!
Биринчи Май – көпчүлүк эңсеп күткөн, жан-дүйнөнү нурданткан, нукура элдик майрам. Бул күн тынчтыктын, жаздын, эмгектин эн белгиси катары келечек муундун жадында дайым сакталаары анык.
Ар бир жараныбыздын тиешелүү эмгегинин жетишкендиги тамчыдан куралган деңиз сымал өлкөбүздүн илгээри карай өсүшүнө чоң түрткү болот.
Эмгек – адамдарды даңктаган кадыр-барк жана баалуулук, дал ушул өңүттөн алганда мамлекеттин өнүгүүсү – табигый ресурстарга, жаратылыш байлыгына эмес, эмгек адамынын аракетине гана багыныңкы экенин белгилеп кетебиз.
Ак эмгегиңиздер сиздерге, үй-бүлөңүздөргө ар дайым сүйүнүч алып келсин жана татыктуу жашоо кубанычын тартууласын деп чын жүрөктөн каалайбыз.”