5 – май, Конституция куну менен!

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

“Кыргызалтын” ААКы Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимовдун 5-май Конституция күнү менен куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!
Бардыгыңыздарды Конституция күнү менен “Кыргызалтын” ААКы башкармалыгынын жана өзүмдүн атынан куттуктоого уруксат этиңиздер!
1993-жылдын 5-майында өлкөбүздүн Баш мыйзамы болгон Конституциябыздын кабыл алынышы менен көз карандысыз, эркин, укуктук мамлекетти курууга, дүйнө коомчулугунун алдында өлкөбүздүн өз алдынча өнүгүшүнө шарт түзүлдү.

Муну менен Кыргыз Республикасы дүйнө элине өзүн жакындан тааныта алды.
Кыргыз Республикасынын Констититуциясы өлкөбүздүн келечегин аныктаган негизги укуктук тирегибиз катары жолу ачык, келечеги кең негизги иш кагазы катары калкыбызга кылымдар бою кызмат өтөй берээрине ишеним зор.

Ар бир жаран Баш мыйзамыбызды ыйык сактап, урматтоого милдеттүү экенибизди унутпашыбыз зарыл, себеби өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн, тынчтыгын жана жыргалчылыгынын кепили болуп саналат.
Конституциябыздын түбөлүгү түз болсун!”