9 – май – Жеңиш күнү!

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

“Кыргызалтын” ААКы башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимовдун 9-май Жеңиш күнү менен куттуктоосу:

“Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери жана ооруктун кадырлуу эмгекчилери!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн, 9-май Жеңиш күнү менен “Кыргызалтын” ААКы башкармалыгынын жана өзүмдүн атынан чын жүрөктөн куттуктайм. Убагында душман менен салгылашып, кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим кылуу менен Улуу Жеңиш майрамы кут болсун демекчибиз.
Кийинки муундун өкүлдөрү – кайсы мезгилде, кайсы жерде болбосун, согушта жан бергендерди унутпай, ардагерлерибизге башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Ар дайым жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, андай алаамат согуш эч качан кайталанбасын. Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, дүйнө эли менен ынтымакта, биримдикте жашасын!
Майрамыңыздар кут болсун!”