4-июнда Кара-Балта Тоо-кен комбинатынын аймагында катталган өрт кырсыгы Аффинаждоочу заводго эч кандай тиешеси жок. Аффинаждоочу завод кадыресе штаттык режимде иштеп жатат. Өрт 0,5 км алыстыкта жайгашкан, ижарага жер алып иштеткен”Голден Магнат” ЖЧКсына тиешелүү кампадан чыккан жана түнү жеринде өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө.