“Кыргызалтын” ААК башкармалыгы тарабынан Москва районунун Аксуу айылындагы жана Токмок шаарындагы балдар үйүнө материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Башкармалыктын төрагасы Кубат Абдраимовдун көрсөтмөсү менен уюштурулган бул кайрымдуулук иш-чарасында, Аксуу айылындагы мектепке чейинки балдар үйүнө бир даана кир жуугуч машина, ал эми Токмок шаарындагы кароосуз калган балдар үйүнө бир даана муздаткыч жана бир даана электр меши тапшырылды. Ошондой эле балдар үйүнүн бардык тарбиялануучуларына башкармалыктын атайын майрамдык белек-бечкектери берилди.