Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Кыргызалтын” ААК башкармалыгы тарабынан Москва районунун Аксуу айылындагы жана Токмок шаарындагы балдар үйүнө материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Башкармалыктын төрагасы Кубат Абдраимовдун демилгеси менен уюштурулган бул кайрымдуулук иш-чарасында, Аксуу айылындагы мектепке чейинки балдар үйүнө бир даана кир жуугуч машина алардын суранычы боюнча тапшырылды. Ал эми Токмок шаарындагы кароосуз калган балдардын “Бактылуу балалык” үйүнө, кеңейип жаткандыктарына байланыштуу аларга бир даана муздаткыч жана бир даана электр меши берилди. Ошондой эле балдар үйүнүн бардык тарбиялануучуларына башкармалыктын атайын майрамдык белек-бечкектери тартууланды.