“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимовдун Курман айт майрамы менен куттуктоосу:
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Курман айт майрамыңыздар менен “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын жана өзүмдүн атынан куттуктоого уруксат этиңиздер!
Курман айт – бул эл ынтымагын ширеткен, боорукерликти жана кайрымдуулукту даңазалаган, ыймандуулукту жана сабырдуулукту жар салган майрам. Бул күнү элибиздин ак дастаркону кенен жайылып, ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйык майрам уялоо менен келечекке зор үмүттөр жаралат.
Курман айтта бардык жакшы тилектериңиз кабыл болуп, жакшы ой-максаттарыңыздар жүзөгө аша берсин. Жараткан өлкөбүзгө өбөк болуп, жерибизге тынчтык, элибизге ынтымак менен ырашкерлик ыроолосун!
Айтыңыздар маарек болсун!”