Урматтуу кесиптештер, ардактуу ардагерлер!
Сиздерди, биздин кесиптик майрамыбыз – июль айынын үчүнчү жекшембиси, Металлург күнү менен куттуктайм!
Бүгүнкү майрам – эмгеги бардык өндүрүштүк процесстердин башкы негизи болгондордун майрамы, анткени металлургдардын тиешелүү салымысыз заманбап экономиканын бир дагы алдыңкы ишканаларын элестетүү мүмкүн эмес.
Кызыган металл бекем колдо гана ийге келген сыңары, мыкты делген идеялар сиздердин чыдамдуулугуңуздардан жана кайраттуулугуңуздардан улам жүзөгө ашып келет. Бул кесип сиздерден адам мүнөзүнүн эң күчтүү сапаттарын: жогорку жоопкерчиликти кабыл алуу жана алып жүрүү жөндөмүн, чыдамкайлыкты, сабырдуулукту жана дилгирликти талап кылат. Сиздердин жөнөкөй эмес, бирок Кыргыз Республикасынын экономикасына маанилүү болгон ишиңиздер үчүн чын дилден алкоолорду жана урматтоолорду кабыл алып коюңуздар!
Бардык баштоолоруңуздарды ийгилик жылоолосун, ар дайым бакубатчылыкта өмүр сүрүп, тилегениңиздер кабыл болсун!