“Кыргызалтын” ААКынын Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов келечектүү кенжатактарынын маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү жана “Терек”, “Чакуш” жана “Каракала-Терек” лицензияланган тилкелерди иштеп чыгуу боюнча алдыдагы иш пландарды талкуулады.
Кеңешменин жүрүшүндө бардык саналган кенжатактарды ишке ашыруунун ар бир этабы тыкыр каралды. Компаниянын жетекчилиги көрсөтүлгөн тилкелерде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу отчетту укту, ошондой эле биринчи кезектеги иш-чаралардын пландары жана өндүрүштүк-техникалык процесстердин маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кубат Абдраимов көрсөтүлгөн кенжатактарда өндүрүштү тезинен баштоо үчүн финансылык-каржылык процесстердин бөлүгүндөгү иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
“Каракала-Терек”, “Терек” Ош облусунун Алай районунда жайгашкан, ал эми “Чакуш” кенжатагы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу экенин белгилеп кетебиз.