Квалификацияны жогорулатуу курстары өтүп жатат

Facebook
Twitter
VK
OK
Telegram
WhatsApp

“Кыргызалтын” ААКынын кызматкерлери квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп жатышат
“Кыргызалтын” ААКысында кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуулар орун алды. Мунун алкагында компаниянын жетекчилери жана адистери өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо боюнча өндүрүштүк-техникалык курсту өтүштү.
Иш-чаранын максаты иштин сапатын жакшыртуу, эмгекти коргоонун ченемдерин жана эрежелерин, ошондой эле өндүрүштүк обьектилердин аймагында өрт коопсуздугун сактоо болуп саналат.
Бул иш компаниянын жетекчилиги тарабынан бекитилген эмгектин сергек, коопсуз шарттарын түзүү жана өндүрүштүк жаркаттарды алдын алуу боюнча “Кыргызалтын” ААКынын уюштуруу-техникалык иш-чаралардын планына ылайык жүргүзүлүп жатат.
Эмгекти коргоонун абалы жана коопсуздуктун ченеми боюнча контроль, комплекстүү текшерүүнүн графигине ылайык компания тарабынан үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.