Кымбаттуу мекендештер!
“Кыргызалтын”ААКынын эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атынан сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер!
Бул күн биздин мамлекетибиздин жаңы тарыхын жаратты жана биздин элибиз үчүн өзгөчө күн болуп кала берет. Туптуура 32 жыл мурда ушул күнү биз эркиндиктин жана көз карандысыздыктын жолун тандап алганбыз. Бул мезгилдин аралыгында биздин өлкө көптөгөн сыноолорду баштан кечирди, бирок ага карабастан Кыргызстандын эли өзүнүн толеранттуулугун, улуулугун жана максатка умтулуусун дагы бир жолу далилдей алды. Дал ушул майрам биздин Мекенибиздин эркиндиги менен бакубатчылыгынын символу болуп саналат.
Жалпы аракеттенүүлөр, күн сайын жана талыкпаган эмгек менен гана биз улуттук баалуулуктардын көбөйүшүнө, Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө, аны менен бирге мамлекеттик көз карандысыздыкты бекемдөөгө салым кошо алабыз.
Ошондой эле “Кыргызалтын” ААКысына да чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Азыркы убакта ишкана тоо-кен казып алуу тармагын тармагын нүктүрүү, баалуу металлдарды казып алууда жаңы технологияларды жана методдорду колдонуу боюнча артыкчылыктуу багытты карманып келет. Компаниянын ишинен жана анын алдына коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу жөндөмдүүлүгүнөн биздин мамлекеттин экономикасына жана тоо-кен тармагынын өнүгүүсүнө болгон салымыбыздын көлөмү көз каранды.
Биздин республикабыз өсүп-өнө берсин жана биздин аракеттер өлкөбүздүн жыргалчылыгына гана кызмат кылсын. Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө ачык асман, чың ден-соолук, бакты-таалай, бакубаттуулук жана узак өмүрлөрдү чын дилден каалайм!
Эгемендүүлүк күнү майрамыңыздар менен!