Кумтөр Голд Компани
«Кумтөр» – дүйнөдөгү эң бийик тоодо жайгашкан алтын кендеринин бири. Ал Борбор Тянь-Шандын чыгыш бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 4000 метр бийктикте, түбөлүк тоңдуктун аймагында жайгашкан.Кен Ысык-Көл областында, Кыргыз Республикасынын борбору — Бишкектен 350 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кумтөр алтын кени 1978-жылы ачылган. Ал эми кенди өздөштүрүү боюнча техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) СССР Министрлер советине караштуу «ГИНАЛМАЗАЛТЫН» Баалуу металлдар башкы башкармалыгы тарабынан 1989-жылы даярдалган.
«Кумтөр Голд Компани» 4000ден ашык адамды жумуш орду менен камсыздоодо.
Компаниянын штаттык кызматкерлеринин 99% Кыргызстандын жарандары жана Компаниянын персоналындагы кыргызстандыктардын үлүшү дайыма өсүүдө. Бул компанияда иштеген чет элдик адистерди ырааттуу түрдө жергиликтүү кадрлар менен алмаштыруунун эсебинен жүрүүдө.